Нарындык тургун Өзгөн районунун аймагындагы сырдуу кумаралардын жана үңкүрлөрдүн ачылбай жатканына кабатыр
Нарын шаарынын тургуну 78 жаштагы карыя Темиркул Чолпонбаев Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагында жер алдында үңкүрлөр бар экендигин, аны казууга Улуттук Илимдер академиясынын археология бөлүмү уруксат бербей жаткандыгын бизге атайын билдирди. А киши бул тууралуу эки жыл мурда Президент А.Атамбаевге, ЖК төрагасы А.Жээнбековго, ал учурдагы өкмөт төрагасы Ж.Сатыбалдиевге арыз да жазган экен.
-Менин атам мугалим, мектеп деректири болуп Ош облусунда иштегендиктен улам, мен 1937-жылы «Куршаб» айылында туулгам. Биз бала кезде «Семиз-Көл» деген жерден мектепке топурак казылган. Ал жерден үңкүр бар экендигин билгенбиз жана үч кумара таап алганбыз. Үңкүр таш эшик менен бүтөлгөн эле. Бул сырдуу окуя боюнча союз маалында 1977-жылы Илимдер академияга маалымдагам. Анан 2012-жылы да кайрылдым. Бирок 2013-жылы археология бөлүмдөн Ташбаева деген кызматкер тыюу салган буйрук берген. Эми мен интернет аркылуу дүйнөлүк археологиялык институттарга кайрылууга аргасыз болуудамын. Мындай учурда эгер үңкүр ичинде байлык болсо, анын 75 пайызы ошол институтка өтүп кетет,-дейт нарындык карыя Темиркул ата.
Ал эми бир гана Өзгөн райондук акимчилиги тарабынан (акимдин орун басары И.Мурзаибраимованын колу менен) археологиялык казууга уруксаат кагазы алып келинсе, райондук деңгээлде чечиле турган иштерге көмөк көрсөтүлө тургандыгы тууралуу 2013-жылдын 5-сентябрында жооп кат келген экен.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply