бала бакча

17-февраль күнү Нарын районунун Орто-Саз айылында 80 орундуу бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Пайдубалынан тарта жаңы курулган бала бакча үч каржы булактан улам ишке берилгендиги алдын ала таркатылган маалыматта белгиленет. Маселен курулушка жана керектүү жабдыктарды алууга жалпысы 3 150 856 сом сарпталса, анын 1,5 млн.сому жергиликтүү бюджеттен чечилген. Ага-Хан корунун MSDSPKG кору «Кыргызстанда туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо» долбоорунун алкагында Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылоосу аркылуу 1 млн.240 миң сомдук жардам көрсөткөн. Коомчулук дээрлик жарым миллион сомго жакын салым кошушкан.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу