манас1

2014-жылдын 24-декабрында, саат 14.00до  КР УИАнын чакан залында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун бириктирилген варианттарынын бет ачары өткөрүлөт.

Иш-чарага окумуштуулар, адабиятчылар, жазуучу-акындар келет.

Сейрек китепке айланган бириктирилген варианттар академик Абдылдажан Акматалиев менен Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жетектеген чыгармачыл топ тарабынан кайрадан даярдалып, басылып чыкты.

“Манас”  эпосунун  тексттерин окурмандарга улам-улам жеткирип, элдин аң-сезимине сиңирип, ар-намыстуулукка, гуманизмге, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялоо негизги милдеттердин бири болуп саналат. Мына ушундай эпостун тексттеринин бири – өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында көп талкуулардан кийин Б.Юнусалиев, М.Ауэзов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Маликов, Б.Керимжанова, Ө.Жакишов, К.Асаналиев  тарабынан түзүлгөн бириктирилген варианттары. Кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрү жана жалпы эле калайык-калк кызуу кабыл алган бул “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги азыркы учурда өтө зарыл.

Ал кошмо варианттарда манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеев, М.Мусулманкуловдордун тексттери пайдаланылган.

КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү