Өлкөдө социалдык жетимдер согуш маалына караганда 3-4 эсеге көбөйдү,-илимий серепчи Г.Султаналиева
–Үй-бүлөлүк зомбулуктан, ата-энеси спирт ичимдиктерин ичип кеткендиктен, сырткы миграциядан улам бүгүнкү күндө Кыргызстанда ата-энеси бар социалдык жетим балдар саны көбөйүүдө. Улуу Ата Мекендик согуш учуруна караганда азыркы тапта мындай жетим балдар саны болжолу 3-4 эсе көбөйгөн,-деп билдирди Нарын шаарында болгон аялдардын атайын жыйыны учурунда «Доор эли» коомдук уюмунун лидери Гүлжамал Султаналиева. Ошону менен катар ал бул чалкеш маселе азыркы тапта толук изилдене электигин белгиледи.
-Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 15 жыл таптакыр балдар саясаты унутулуп калган. 2008-жылы болсо «Балдар кодекси» кабыл алынган. Андан бери деле атайын улуттук документ иштелип чыккан жок. Бирок балдар саясатына акырындык менен көңүл бурула баштады,-дейт Г. Султаналиева айым.
Жыйындын катышуучуларына Миң-Куш шаарчасындагы өспүрүм балдардын кол менен көмүр казып жана аны сатып оокат кылган турмушун чагылдырган тасма көрсөтүлдү.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply