Кыздардын тагдыр – жолдогу кыйгач, түз, ак, көк ойлору
Тууганыма
Таалайгүл Кумакеева көлдүн кызы, Ошко турмушка чыккан. “Тууганыма” аттуу ушул ыры менимче ар бир кызды ойго салат. Таалайгүлдүн арманы бар бул саптарда уйкашпаганы менен маанилүү, мазмундуу ойлорго бай.
Атам-апам болгондо аттиң!..
Барыпмын мен тууганчылап туулган жерге.
Агам, иним, эжем, сиңдим барсың деп,
Жөлөк болот жакшылыкта, жаманда.
Эмнегедир сүйүнүп мен көрүп сени,
Бир тууган деп, бир атадан, бир энеден тараган,
Барыпмын мен тууганчылап алыстан.
Адашыпмын, түшүнбөпмүн,
Бул турмуштун ызгаарын.
Ары түртүп, бери түртүп агаларым,
Жолго чыктым шашылып, үйгө батпай.
Кайра-кайра караймын үмүт үзбөй,
Көздөрүмдөн жааган жамгыр нөшөрлөнүп.
Сезимимде ушул жерде калгансыйт бала чагым,
Шаттыкта балалыкта өткөн күндөр.
Сооротомун өзүмдү өзүм алаксытып,
Ачык Асман, булутсуз Күн күлүмсүрөйт.
Томсоруп, не дешимди билбестен ызаланып,
Тайсалдаймын неге келдим тууган издеп.
Кайра кайтып жол тартамын жерди кезип,
Ойго түшөт бала кезим ушул үйдө.
Ойлономун ойго батам жолду карайм,
Жол сыяктуу ойду-түздү аралайм,
Асмандагы Күнгө карайм мээрим төккөн.
Ыраазымын миң мертебе жаратканга,
Тууганымдын ызгаарына учураткан.
Кайра кайттым, жолго чыктым,
Учурашып бетме-бет тууган менен.
Бара жатам жол тартып, жерди кезип,
Кайсы жерде жаратканым.
Ырыскысын мага насип этет деп
Ойлономун, ойго батам, ызаланам
Сооротомун өзүмдү өзүм алаксытам.
Бул дүйнөдө, бул жашоодо, бу өмүрдө,
Жылуу сөзүн аяса кабак салып,
Ой бөлүшүп олтурбасак ал-жай сурап,
Жамандыкта жакшылыкта катташсак да,
Канча жолду арытып басып өтүп,
Турамын мен бозоруп үйгө батпай.
Тууган мага эмне кылып берет деп,
Өзүмдү өзүм сооротомун алаксытам.
Ошондуктан тууган издеп алыстан,
Сагынсаң да саргайып куса болуп,
Билип билбей тууганчылап барбастан.
Телефондун шыңгыр үнүн угузуп,
Ал-жайын сурап койгун алыстан.
Жарыма
Небере жыттаар маалында кол кармашкан жубайынан айрылганын сапка салган акын кызыбыздын тагдырына тартылган ырын тартууламакчыбыз.
Чоң турмуштун дайрасында бир сүздүк,
Кемеге да чогуу барып бир түштүк.
Ак сүйүүнүн лаззатынан бир тарттык,
Башты коюп, ак жаздыкка бир жаттык.
Кечээ эле болгон элек эки жаш,
Кудай буйруп төртөө болду эки баш.
Колдон келген кызматыңды аткарып,
Колдоп келдиң эркекмин деп башкарып.
Эңсеттирип жаш баланын тилиндей,
Жаштык өттү, учкан куштай билинбей.
Анан болдук орто жашта адамдар,
Жайлап калды мурункудан кадамдар.
Майрамдайбыз деп жүргөнбүз жакында,
Элүү жаштын эң бир сонун багында.
Буйрук экен сен кокустан көз жумдуң,
Жүрөк эзип кара кийип мен турдум.
Куда болуп, сыйлуу төрдө олтуруп,
Кубанычка жан дүйнөңдү толтуруп.
Мойтоңдогон неберени жыттабай,
Жатып калдың муздак көрдө, арман ай!
Күлсүмбүбү СООРБЕКОВА
Комментарий кошуу