Кыргызстандык эмгек мигранттар орус тили жана орус тарыхы менен мыйзамдары боюнча тест тапшырышууда
Кыргызстандан барган эмгек мигранттар орус тилин жана Россиянын тарыхы менен мыйзамдарын билүү боюнча тест тапшырышууда.
Бүгүн, 15-январда россиялык Vlad News басылмасы билдиргендей, комплекстүү экзамен мигранттар үчүн, Россияда мыйзамдуу түрдө жашап, иштөө үчүн керек.
«Мигранттар экзаменде айрыкча тарыхтан кыйналышууда. Кайсы княздын учурунда Русь христиандыкты кабыл алган? Биринчи айым-космонавттын аты ким? Мындай, бир караганда жөнөкөй эле суроолор мигранттарга кыйынчылык жаратууда», – деп айтылат маалыматта.
Экзаменге акы төлөнөт, анын баасы биздин акча менен дээрлик 5 миң сом. Улам кийинки кайра тапшыруунун баасы да ушунча турат.
Булак : Баракелде


Leave a Reply