чек араӨткөн аптанын соңунда Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атайын чакыруусу менен Кыргызстанга келди. Тажик өкмөт башчысынын эки күндүк иш сапарында Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы, келечеги жана көйгөйлөрү туурасындагы маселелер талкууланды. Ошондой эле Тажик Премьер-министри Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болду.

Чек ара маселесин чечүү – мезгилдин талабы

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 14-ноябрь күнү өлкөбүзгө расмий сапары менен келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттеринин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери болгон экономикалык, гуманитардык багыттагы мамилелерин өнүктүрүү боюнча жана кызматташтыктын мындан аркы келечек максаттары туурасында сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери жалпысынан 40 чек ара чатагы катталса, анын 32си кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон. Мындан улам эки өлкө ортосундагы бул маселе мамлекеттик деңгээлде каралуу зарылдыгы турган. Ошондуктан, Мамлекет башчысы жолугушууда канатташ чек аранын коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди тездетип, аягына чыгаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Кохир Расулзода мындан тышкары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, өлкөлөр ортосундагы экономикалык, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында байланыштарды чыңдоонун маанисин да белгилешти.

Кыргыз-тажик элдеринин достугу бекем

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев тажикстандык кесиптеши Кохир Расулзода менен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолугушту. Тараптар оболу тар чөйрөдө жолугушуп, андан соң кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Бул жолугушууда Өкмөт башчылары кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Мында негизинен, Кыргызстан менен Тажикстандын товар алмашуусу акыркы эки жылда дээрлик үч эсе өсүп, анын көлөмү 80 млн. АКШ долларына жеткендиги айтылды. Бул багытта кеп козгогон тараптар Кыргызстан менен Тажикстан биринчи кезекте экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө умтулуусу керектигин белгилешти. Ошондой эле бул жолугушуунун негизги максаты эки өлкө ортосундагы чек ара маселесин натыйжалуу чечүү болгондуктан, тараптар чек ара көйгөйлөрүнө байланышкан маселелерди да талкуулашты.

Тараптар делимитация жана демаркация маселелерин мүмкүн болушунча тездетүү керектигин белгилешип, бул багытта айрыкча, аймактык жана эки тараптуу кызматташтык маселелерин конструктивдүү маанайда талкуулашты.

“Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда эч кандай саясый түшүнбөстүктөр орун алган эмес. Биз өлкөлөр ортосундагы кызматташууну кеңейтүүбүз зарыл. Анткени, мында көптөгөн пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр бар. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чектеш аймактардын кызматташуусун өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жана маданий-гуманитардык байланышты кеңейтүү маселелерине өзгөчө басым жасалды”, – деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы андан ары сөзүн улай, “Чек ара жаатында биз бири-бирибизди толук түшүнөбүз. Бул татаал маселени эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгында чечүү жолдорун табуу үчүн өкмөттөр аралык комиссияга тез-тез жолугушуп турууну, эң башкысы бири-бири менен натыйжалуу кызматташууну тапшырып жатабыз. Бул өз жыйынтыгын берет деп ишенебиз”, – деди.

Ал эми Тажик Премьер-министри Кохир Расулзода өз кезегинде чек ара кызматташтыгы, делимитация, демаркация өңдүү түйүндүү маселелерди чечүү жолдорун биргелешип издөө эки өлкөнүн келечек максаттарынын бири экендигин баса белгиледи. “Эки өлкө ортосундагы мамилелер ар дайым кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулгандыгы менен өзгөчөлөнүп келет. Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тараптардын өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө карата жогору маани берээрин көрсөттү. Биз бардык маселелер боюнча, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессине тийиштүү маселелер боюнча да өз ара түшүнүшүүгө келдик. Менин ишенимимде, комплекстүү мамиле гана биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташууга тең салмактуу мүнөз бере алат”, – деди Кохир Расулзода. Жолугушуунун соңунда өкмөт башчылардын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселеси тууралуу эки өлкө өкүлдөрү өткөн айдын этегинде Баткендин Исфана шаарында жолугушкан. Бирок, канчалык жолугушуулар болбосун, эмнегедир, чек ара көйгөйү чечилбей, же бул маселеге чекит коюлбай келет. Мунун кесепетинен айрым аймактардагы чек ара тилкелеринде ар кандай кырдаалдар катталган учурлар жок эмес. Анткен менен жогорку деңгээлдеги бул жолугушуу акыры чек ара көйгөйүн чечээрине үмүт байлайт. Өкмөт башчылардын жолугушуусунда чек ара маселеси тууралуу эмки жолугушуу ушул айдын соңунда Тажикстанда өтөөрү маалым болду. Анда тараптардын азыркы жолугушуусундагы сүйлөшүүлөрү негиз болуп, чек ара мамилелерин мындан ары жандандыруу жана бири-бирине сунуштарды айтуу менен чечим кабыл алынмакчы.

Баса, үстүбүздөгү айдын сегизинде Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун жетекчилери ортосунда 3 жылдык кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлган. Бул тууралуу айткан Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бул чектеш аймактардын кызматташуусунун жакшы үлгүсү болоорун белгилеп, эки бир тууган эл достукта жана тынчтыкта жашоосу керектигин, ал эми ар кандай маселелер сүйлөшүү жолу аркылуу чечилүүгө тийиш экендигин кошумчалады.

Ал эми саясат талдоочулар арасында бул эки өлкө ортосунда чек ара маселелеринен сырткары дагы чечилүүсү зарыл болгон бир катар көйгөйлөр бар экени айтылат. Алар жалаң чек ара маселесин чечип коюу менен көйгөйлөр бүтүп калбайт дешет. Айтымдарында, кыргыз-тажик өлкөлөрүнүн ортосунда суу жана жайыт маселелерин пайдаланууну чечүү да негизги көйгөйлөрдөн.

 Темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди

Ал эми Тажик өкмөт башчысы иш сапарынын экинчи күнүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Алар эки тараптуу мамилеге байланышкан маселелерди талкуулашты. Анын ичинде мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Муну менен катар чек арага байланыштуу кызматташтык мамилелерди жөнгө салуу максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маанисин белгилешти.

Ошондой эле тараптар коңшулардын ынтымагын бекемдөөгө негиз берчү пайдалуу иш-чараларды көбөйтүүнүн зарылчылыгы, жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун өз ара кызматташуусун күчөтүү, биргелешкен маданий-гуманитардык, спорттук иш-чараларды жеринде өткөрүү керектиги жаатында пикир алышты.

Энергетика жана байланыш жаатында да азыноолак кеп кылышты. Бул багытта “CASA-1000” долбоорун жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү жана өлкөлөрдүн аймагын Түштүк-Чыгыш, Түштүк Азия жана Батыш менен байланыштырчу темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

 Динар Турдугулова