“Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
2014-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев“ Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2015-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2016-2017-жылдарга болжолу менен аныкталган негизги приоритеттерди жана багыттарды эске алуу менен кабыл алынды.
2015-2017-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолун иштеп чыгууда төмөндөгүлөр негиз болду: 2012-2014-жылдардагы өнүгүү тенденцияларын талдоо, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо, туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылуу, 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердик программасын ишке ашыруу боюнча 2014-жылга иш чаралардын планы.
2015-жылы МИП гранттарды эске алганда республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 103 752,7 млн. сом, же ИДП карата 23,4% түзөт. 2016-2017-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 110 094,1 млн. сом жана 121 691,2 млн. сом түзөт.
2015-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 118 436,0 млн. сом (ИДП карата 26,7% ) деңгээлинде белгиленген. 2016-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары 123 906,9 млн. сом (ИДП карата 24,5%), 2017-жылы – 134 937,2 млн. сом (ИДП карата 23,3%).
Республикалык бюджеттин 2015-жылдагы дефицити 14 683,3 млн. сомду, ИДП карата 3,3 % түзөт.
Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Leave a Reply