ТҮРКСОЙ сыйлыгы1

24-февралда кыргыз басма сөз каражатында эмгектенген 3 журналистке – Карбалас Бакиров, Айнур Алдашева, Зайырбек Ажыматовго “Түрксой” уюмунун сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу кыргыз элинин “Түрксойдогу” өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Маалым болгондой, эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземи Түркиянын Анкара шаарында орун алды. Аземге “Түрксой” уюмунун жетекчиси Дюсен Касеинов, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Түркиянын маданият жана туризм министри Емер Челик катышты.

Мындан тышкары? лауреат-журналисттер Стамбул шаарына барышып, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмесинин штаб-квартирасында, “Panorama 1453” музей-диарамасында, “Айя-Софья”, “Миниатюрк” музейлеринде, “Топкапы” хан сарай-музейинде, “Султанахмет” мечитинде, жабык тарыхый базарда болушат.