Базар

Дүйнө коомчулугу үй-бүлөдөгү зомбулуктун жеке адамга, үй-бүлөгө, коомго келтирээр кесепетин аныктаганына кыйла мезгил болду. Адамзат турмушуна кеңири тарап, тамыры тереңге кеткен ички илдеттен арылуу аракети азыркы күндө эл аралык деңгээлге чейин көтөрүлүп жатат. Швейцария Конфедерациясынын каржылык колдоосу менен республиканын Социалдык өнүгүү министрлиги, “Сезим” кризистик борбору менен биргелешип ишке ашыра баштаган “Гендердик жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркагандарга кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүү жана бекемдөө” долбоору үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, деңгээлин азайтуу максатын көздөйт. Гезитибиздин мындан аркы сандарында “Үйдөгү жаңжал: Адатпы, азаппы?” рубрикасынын алдында аталган проблемага байланышкан материалдар жарыяланмакчы.

 

-Кудайберген Базарбаевич, социалдык өнүгүү тармагынын аркалаган жүгү ансыз деле оор, ошого карабастан, республиканын айрым аймактарындагы жергиликтүү башкармалыктар өз ишмердигин гендердик жана үй-бүлөдөгү басмырлоого каршы аракеттерди күчөтүүгө карай бурмакчы болуп жатышат, буга эмне себеп болду?

– Социалдык тармак калк турмушунун эң зарыл маселелерин чечүүгө багытталгандыктан, адамга жана анын күндөлүк тиричилигине, жашоо сапатына, материалдык жана материалдык эмес муктаждыктарына, керек болсо үмүт-тилегине тикелей байланышкан. Кыргызда “Өтүгүң тар болсо дүйнөңдүн кеңдиги курусун” деген макал бар. Анын сыңарындай, карапайым адамдардын жашоо-тиричилигине жалаң гана материалдык нерселер таасир этпейт турбайбы, бул жерде сөз кыргызча айтканда, жан кайгы менен мал кайгы тууралуу болуп жатат. Мал кайгысы жеңил экен, жандын кайгысы алда канча терең, алда канча оор тура.

Статистика көрсөтүп тургандай, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үйүндөгү жакын адамынын терс мамилесинен жабыркайт, эгер ар бир үй-бүлөдө бери дегенде үчтөн бала бар экенин эске алсак, канча жарандарыбыз зыян тартып, каржалып, кыйналып жатат. Канча адам мамлекеттин каржылоосуна муктаж болуп, кол карап жатат. Мисалы, жаңжалдашкан үй-бүлө ажырашкан соң балдар эки ортодо калат. Соңку он жыл ичинде биздеги балдар үйлөрүнүн да, андагы тарбиялануучулардын саны да он эселеп өскөнү дал ушул үй-бүлөдөгү зомбулукка түздөн-түз байланышкан. Араздашкан үй-бүлөдө бала да, чоң да жабыркайт, оору-сыркоо көбөйөт, жумушка жарамсыздар, майыптыгы боюнча иштебей калгандардын саны арбыйт, ошого жараша социалдык муктаждыктар жогорулайт. Мына ушундан улам маселенин төбөсүн эмес, тамырын карай турган шарт жаралат. Зомбулуктун алдын алуу, колдон келсе аны болтурбай коюуга бардык мүмкүнчүлүктү багыттоо – биздин жергиликтүү башкармалыктардын негизги багытынын бири болуп калды.

Карапайым элге жакын, аймактагы адамдардын жашоо-шартын жакшы билген, көйгөйүн чечүүгө көмөктөшкөн кызматтар өз ишмердигин үй-бүлөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтууга багыттоо менен турмуштук көп маселелерди жеңилдетишмек.

-Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы социалдык укуктук чаралар жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынганына он жылдан ашуун убакыт өтсө да, үй-бүлөдөгү зомбулуктун улам барган сайын күчөп баратышын эмне менен түшүндүрүүгө болот?

– Социалдык-экономикалык оош-кыйыштар соңку кезде далай адамдардын аң-сезимине, келечекке болгон ишенимине катуу таасир этти. Мен бул жерде айрыкча эркектердин абалынын кескин начарлаганын белгилеп кетким келет. “Гендердик теңчилик” деген маселеде аялдарды коргоого көбүрөөк басым жасалып, коомдо бир жактуу түшүнүк пайда болду. Бирок турмуш көрсөтүп жаткандай, үй-бүлөдө аялдардын басмырлоосуна кабылган эркектер да көп кездешип жатат. Тилекке каршы, турмуштук кыйынчылыктарды жеңүүгө баарынын эле чамасы жете бербейт экен, анын үстүнө үй-бүлөдөгү зомбулук маселесине келгенде эзелки “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” көз карашы үй-бүлөдөгү зомбулук проблемасынан арылууга тоскоол болууда.

Экинчи жагынан, үй-бүлөдөгү зомбулукту жумушсуздук, аракечтик, баңгичилик, жакырчылык, баш аламан миграция күчөтүп жатат.

– Гендердик жана үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөштө социалдык өнүгүүнүн жергиликтүү кызматкерлеринин даярдыгы кандай?

– Коомдо гендердик теңчиликке жетишүү саясатын жүргүзүү – биздин министрликтин вазийпасы болгондуктан, гендердик жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтуу жаатындагы аракеттерди күчөтүү максатында атайын долбоордун чегинде “Сезим” кризистик борбору менен биргеликте Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй областтарында жана Бишкек шаарында социалдык башкармалыктардын, жергиликтүү бийликтердин, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдогу жолугушуулар, комплекстүү окутуулар өтүп жатат. Биздин кызматкерлер аймактарда үй-бүлөдөгү зомбулукка дуушар болгондорго социалдык-психологиялык жардам берүү жана муктаж болгондорго башпаанек болчу кризистик борборлорго жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүп жатышат.

– Калкты үй-бүлөдөгү зомбулуктан жана гендердик басмырлоодон коргоо жаатында бейөкмөт уюмдары менен биргелешкен аракет натыйжалуу болот деп ишенесизби?

– Албетте. Учурда биз бейөкмөт уюмдары менен бирдикте иш-чараларды белгилеп, аны жүзөгө ашыруунун үстүндөбүз. Мамлекеттик заказды Социалдык өнүгүү министрлиги гана ишке ашырып жатат. Мамлекеттик заказ аркылуу бейөкмөт уюмдары ар кандай социалдык кызматтарды сапаттуу аткарып, мамлекет алардын акысын төлөп берип жатат. Айталы, үй-жайсыздар үчүн баш паанектер, зомбулуктан жабыркагандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар, же мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар үчүн калыбына келтирүүчү жайлар калктын аялуу катмарына кызмат көрсөтөт.

– Сиздин жекече оюңузча, элибиздин социалдык абалынын жакшы жакка өзгөрүшүнө кайсы факторлор негиз болуп берет? Экономикабы? Жашоо маданиятыбы? Үрп-адат, салтпы?

– Аталган факторлордун баары эле түздөн-түз таасир этет десек жаңылышпайбыз го. Канчалык күчтүү мыйзамдар жазылбасын, адамдын аң-сезиминде калыптанган түшүнүктөр өзгөрбөсө, абалды өзгөртүү кыйын. Өлкөнүн экономикасы өнүгүп, жарандарыбыздын жашоо-шарты жакшырып, жакырчылык жоюлуп, ар бир жаран эртеңки күнүнө, келечегине ишенип жашаса, калктын социалдык абалы жогорулаары шексиз.

– Келечекти кандай элестетесиз? Сиз жетектеген министрлик кагаз толтуруу менен алектенген ишкана эмес, адамдардын көйгөйүн чечүүгө, жашоону жакшыртууга багытталган “жандуу” тармак болушу үчүн кандай жаңычыл аракеттер болуп жатат?

– Келечекте биздин мамлекеттин өнүккөн өлкөлөрдүн сабына кошулаарына мен ишенем. Соңку мезгилде Өкмөт тарабынан калкыбыздын жашоо-шартын жакшыртуу боюнча ар тараптуу иш-аракеттер жасалып жатат. Кудайга шүгүр, биздин коомдо адамдын эркин жашоосунун дээрлик бардык шарттары бар керт баштын эркиндиги, ишмердик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр, сөз эркиндиги. Элибиз эч кимдин көзүн карабай, тиричилик кылып кеткенге көндү. Жашоонун кай тарапты көздөй бурулушу – өзүбүздөн.

Ал эми биздин министрликти “кагаз менен алек болгон” дегенге дегеле болбойт. Калк муктаждыгы менен жашап, улам жаңырууга, улам илгерилөөгө багыт алган чыныгы “жандуу” тармак. Мисалы, 2011-жылы жөлөк пулдун өлчөмү 370 сом болсо, ушул жылдын ноябрь айынан тартып 705 сомго жогорулаттык. Социалдык стационардык мекемелердеги адамдардын күнүмдүк тамак-ашка бөлүнгөн каражаты эки эсе көбөйтүлдү. 14 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тиешелүү протездик-ортопедиялык буюмдарды, бут кийимдерди жана кресло-коляскаларды акысыз алышат. Республика боюнча 948 социалдык кызматкер 10 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, улгайган адамдарды үйлөрүнөн тейлешет. Жыл сайын республика боюнча 500дөн ашуун жарандарыбыз министрликке караштуу калыбына келтирүү борборунда акысыз дарыланышат. Чет жакта ата-энесинен кароосуз калган балдарды мекенине кайтаруу жаатында да иштер аткарылып жатат. Министрлик 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү программасын иштеп чыккан. Бул документте жогоруда белгиленген категориядагы жарандарга, турмуштун оор кырдаалына кабылгандарга ар тараптуу мамлекеттик колдоолорду камтыйт.

-Жаңы жылга тилегиңиз?

-Жалпы элибизге кааларым – тынчтык, токчулук, жакшылык. Жергебизде ар дайым бейпилдик, бакубаттык орношун, ар бир үй-бүлөдө бакты-таалай болушун каалайм. Жаңырган жылда кедейчиликке көнбөйлү, чаалыктым деп отуруп калбайлы, үмүт менен алга илгерилейли.

Сүйүн КУРМАНОВА