Келишимдердин долбоорлору “Центеррага” жиберилди

Өкмөт “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча Канада менен биргелешкен келишимдердин долбоорун даярдады. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров билдирди.
Анын айтымында, келишимдердин долбоору макулдашуу үчүн “Центерра Голдго” жиберилген. Учурда канадалык компаниянын жообу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында парламент “Кумтөрдө” үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы ага кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент Өкмөткө бир айлык мөөнөт берген.
Динар Турдугулова

Leave a Reply