лавиналар1

 Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 2015-жылдын 12-январында саат 05:00 чамасында Тогуз-Торо районундагы Казарман-Акталчат унаа жолунун 82-чакырымында болжол менен 600м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Унаа жолун тазалоо үчүн  ЖЭМ-18 тарабынан 1 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүүлүүдө. Унаа жолу унаалар өтүүсүнө убактылуу жабык. Кошумча маалымат берилет.