Кыргызстандын дагы 3 ишканасына уруксат берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат
 Казакстан сүт продукциясын экспорттоо боюнча Кыргызстандын дагы 3 ишканасына уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария боюнча инспекциянын жетекчиси Самир Осмоналиев билдирди, деп маалымдайт Tazabek.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы 7 компанияга сүт азык-түлүктөрүн экспорттоо мүмүкүнчүлүгү берилген.

«Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, оң жылыштар бар. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен 3 ишкана боюнча маселе чечилет. Аны менен экспорттоо үчүн уруксат берилген 7 компанияга дагы 3 компания кошулат», – деди С.Осмоналиев.