кайрмдуулук

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнү деп белгиленип келет. Бирок бул майрам эмес, аргасыздыктан улам келип чыккан күн экен деп белгилешет коомдун бул аяр катмары.

Кандай болгон шартта да мейли балдар үйүндө, же карылар үйүндө болобу, же өз бүлөсүндө жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ар убак унутта калбай көңүл борборунда болсо деген тилек ар бирибизде жашайт. Кыргыз-Түрк “Манас” университети бул багытта алда канча көп иштерди жасап келе жаткандыгына күбө болуп келебиз. Бул жолу да окуу жайдын ректору профессор Себахаттин Балжы мырза өзү баш болуп, Бишкек шаардык улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде 2-декабрда майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш- чарага катышты. Кыргыз-Түрк “Манас” университети 4 жылдан бери бул карылар үйүнө камкордугун көрсөтүп, ал эми акыркы эки жылдан бери кейиштүү абалдагы имаратты оңдоп-түзөө иштерине чоң жардам берип келишет. Бул иш-чарага КР социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев катышып, университеттин ректору Себахаттин Балжы мырзага ушуга окшогон бир топ жасап келген кайрымдуулук иштери жана жалпы эле өлкөбүздөгү социалдык сферадагы көрсөткөн көмөктөрү үчүн министрликтин Ардак грамотасын тапшырып, терең ыраазылык билдирди. Андан соң, аталган карылар үйүнө микротолкундуу меш тапшырды.”Манас” университетинин ректору өзүнүн жана эмгек жамаатынын, студенттердин атынан карыяларга жылуу сөзүн билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы ширелишкен достуктун натыйжасында ушундай жагымдуу иштер жасалып жатканын да белгилеп өттү.

Бул карылар үйүндө 200дүн тегерегинде кары адамдар жашашат. “Манас” университетинин студенттери кандай майрам болбосун, концерттик программалары менен мындагы карыяларыбызды кубантып турушат. Мезгил-мезгили менен карылар үйүнүн тегерегин тазалоо менен алектенишет.

Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА