Карагоо ашуусунда кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2015-жылдын 12-январында, саат 09:30 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 83-чакырымында Карагоо ашуусунда болжол менен 900м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.
Унаа жолун тазалоого ЖЭМ-18 тарабынан 1 бульдозер тартылып, унаа жолу тазаланып толук ачылды.
Ошондой эле, 2015-жылдын 12-январында саат 05:00 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 82-чакырымында Карагоо ашуусунда болжол менен 600м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Унаа жолун тазалоого ЖЭМ-18 тарабынан 1 бульдозер тартылып, саат 10:20да толугу менен ачылды.
Комментарий кошуу