Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты: Коло байгени «Бөрүлү» командасы жеңди
Кыргызстандын 2014-жылдагы көк-бөрү боюнча чемпионатынын коло байгесин «Бөрүлү» командасы жеңди. Бул тууралуу Sport АКИpress’ке КРнын көк-бөрү боюнча федерациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурбек Асанбаев билдирди.Кечээ, 20-ноябрда Бишкек шаардык «Ак-Кула» ат майданында «Суусамыр» жана «Бөрүлү» командаларынын ортосунда таймаш болуп өттү. Оюн «Суусамыр» командасынын 7:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Азыркы чемпионатка 3 гана команда катышууда. Алар бири бири менен бирден айлампа ойношот. «Бөрүлү» командасы акыркы үчүнчү орунду ээлөө менен коло байгени ээледи.
Бир күн мурда «Бөрүлү» командасы «Талас» командасына 13:0 эсебинде утулган.
Көк-бөрү боюнча өлкө чемпиону наамына бүгүн, 21-ноябрда «Талас» жана «Суусамыр» командалары күч сынашат.
Оюндардын жыйынтыктары:
19-ноябрь
«Талас» – «Бөрүлү» – 13:0
20-ноябрь
«Суусамыр» – «Бөрүлү» – 7:0
21-ноябрь
12:00 «Суусамыр» – «Талас»
Турнирдик таблица
|
№ |
Команда |
оюн |
жеңиш |
тең чыгуу |
жеңилүү |
улак |
упай |
|
1 |
«Талас» |
1 |
1 |
0 |
0 |
13-0 |
3 |
|
2 |
«Суусамыр» |
1 |
1 |
0 |
0 |
7-0 |
3 |
|
3 |
«Бөрүлү» |
2 |
0 |
0 |
2 |
0-20 |
0 |
Булак : Баракелде


Leave a Reply