Ички иштер орган кызматкерлери биометриялык маалыматтарын 10-декабрда тапшырып бүтүшөт
ИИМде борбордук аппараттын кызматкерлери биометриялык каттоо процедурасынан өтүштү. Аймактык бөлүмдөрдө дагы каттоо иштери уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
«КР ИИМде борбордук аппараттын кызматкерлери биометриялык каттоо процедурасына активдүү катышышты»,- деп кабарлайт басма сөз кызматы.
ИИМде биометриялык маалыматтарды тапшырууну жөнөкөйлөштүрүү үчүн, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин биометриялык маалыматтарын топтоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана координациялоо боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ушундай эле штабдар Бишкек ШИИББ, Чүй облусунда, Ош шаары боюнча ИИМ башкы башкармалыгында жана Ош облусунда, ОИИБдерде жана окуу жайларда түзүлгөн.
Калктын биометриялык маалыматтарын топтоо мезгилинде, ИИО тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча баардык чаралар көрүлүүдө жана КР ИИОдо кызмат өтөгөндөрдүн биометриялык маалыматтарын топтоо график боюнча жүргүзүлүп жатат.
Ушул жылдын 28-ноябрынан 3-декабрга чейин ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери биометриялык каттоо процедурасынан өтүштү. Маалыматтарды топтоо жабдуулары ИИОнун баардык бөлүмдөрүндө орнотулган. Ички иштер орган кызматкерлеринин маалыматтарын чогултуу иш-чарасы 10-декабарда аяктайт.
Булак : Баракелде


Leave a Reply