ОШ мэри1

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “МаралFM” радиосунун Оштогу бөлүм башчысы, журналист Исманали Муратовду чет өлкөдө операция жасатуу үчүн мэриянын атынан 100 миң сом жана жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай жардам көрсөттү.

-Исманалинин ден соолугуна байланыштуу түшкөн сыноо ага эмес, жалпы момун мусулмандарга жараткандан берилген сыноосу деп билебиз. Ушундай кыйын күнгө кабылганда бири-бирибизге жардам колубузду сунушубуз керек. Учурдан пайдаланып колунда бар бардык жарандарга кайрылат элем, биргеликте жардам берсек. Ал эми мэрия тарабынан көрсөтүлүп жаткан бүгүнкү жардам башталышы гана болуп калсын. Жакынкы күндөрү Ош шаарында чоң жыйын болот, ошондо бардык мекеме, ишканаларга жардам берүүсүн суранып өтөйүн. Ал эми жубайына жасаган дарыгерлердин шалаакы мамилеси боюнча жеке көзөмөлүмө алам”,-деди А.Кадырбаев.

Жеке тагдырына байланышан  оор  күндөрдө алгачкылардан  болуп жардамга  кол сунган Ош шаарынын мэри Айтмамат Тентибаевичке  ыраазычылыгын билдирди  Исманали Муратов.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын тургуну И.Муратов боорундагы “Альвеококкоз” оорусуна байланыштуу чет өлкөдө боорун 80 миң АКШ долларына алмаштыруу керек. Ошондой эле жубайы Мехригүл Саитова да боюндагы эгиз  балдарын операция жолу менен алгандыгына байланыштуу эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн төбүлөккө ажыраган.

 Гулжамал ЖОРОЕВА, Ош облусу