Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенгул Исаков менен Карганбек Самаков 3-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мрамор айылындагы спорт залдын, 7 көчөгө асфальт төшөлгөн жолдун жана “Жаш мугалимдин депозити” менен келген мугалимдерге деп салынган муниципалдык 4 үйдүн ачылышына катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Жогоруда аталган обьектилер территориясында Эркин экономикалык аймак, “Манас эл аралык аэропорту жайгашкан Ала-Арча айыл өкмөтүнүн өздүк бюджетинин эсебинен салынган.

Бул күнкү салтанаттуу ачылышта куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков жергиликтүү бюджетти туура пайдаланып, эл үчүн жасалган аракетти жалпы Кыргызстанга үлгү боло турган иш катары баалап, “Жергиликтүү башкаруу органдарына ыйгарым укук жана ишеним берсек, мындай алгылыктуу иштер арбый тургандыгына ишенем”,- деди. Ошону менен бирге 2015-жылы күчүнө кире турган тиешелүү мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дагы бир катар ыйгарым укуктар берилерин айтып өттү.

Кыргызстан парламенттик башкаруу таризине өткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамын күчөтүү менен, мындай үлгү болорлук жөрөлгөлөр дагы көбөйө тургандыгын айткан депутат Карганбек Самаков айыл чарба азыктарын сапаттуу сактап, сыртка чыгарууга шарт түзө турган логистикалык борбор жана билимдүү жаштардын чыгара турган дүйнөлүк стандарттагы мектеп куруу багытында долбоорлордун үстүндө иштеп жаткандыгын ортого салды.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чарадан соң спорт залдын, асфальтталган жолдордун, мугалимдерге салынган үйдүн кызыл тасмасы кесилип, 4 жаш мугалимге муниципалдык үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Депутат Карганбек Самаков 4 жаш мугалимге телевизор же муздаткыч алып берүүгө убада кылды деп айтылат билдирүүдө.