Нарында «Социалдык адилеттүүлүктүн» бир айлыгы өткөрүлөт
Мындан ары Нарын облусунда 20-февралдан 20-мартка чейин «социалдык адилеттүүлүктүн» бир айлыгы өткөрүлөөрүн өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова атайын отурумда билдирди.
-Калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында облус жетекчисинин буйругу чыгарылды. Буйрукка ылайык бир айлыкты өткөрүүнүн иш-чара пландары бекитилди,-деди Ч.Абдырайымакунова айым.
Анда аз камсыз болгон, улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга турмуш тиричилик, медициналык, юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз негизде берүү, аларга материалдык жардамдарды көрсөтүү үчүн акцияларды жана «укугуңду билесиңби» аталышта ачык эшиктер күнүн өткөрүү мерчемделгендигин өкүлдүн аппаратынын бөлүм башчысы Динара Жунусова белгиледи. Ушул иш-чара атайын иштелип чыккан форманын негизинде 23-марттан кечиктирилбестен тиешелүү тармактардын маалымат берүүсү зарыл.
-Биз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү жардам көрсөтүү үчүн мекеме-уюм, ишканалардын шефтик жардам берүүлөрүн сунуштап жатабыз,-дейт Ч.Абдырайымакунова айым.
Ал эми Нарын медициналык колледжинин деректири Төлөгүл Арпачиева азыртадан эле айыкпас дартка кабылган адамдарга окуу жайдын эмгек жамааты окуу жайдын окуучулар менен бирдикте жардам көрсөтүүнү өздөрүнүн пландарына киргизгендиктерин, иш башталгандыгын билдирди.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply