Нарында жол бөгөлдү. Кубангандар жана капатырлар
Ошентип мурдатадан айтылып келген Бишкек-Нарын-Торугарт (БНТ) унаа жолунун 313-чакырым тушунан аска-зоонун кооптуу бөлүгү атайын аттыруу менен түшүрүлөт деген ачык кеп 19-февралда ишке ашырылды. Бул күнгө чейин бийлик бутактары бардык маалымат каражаттары аркылуу калайыкка кабарлап, 19-20-февраль күндөрү унаалар мерчемдүү убакыт токтотулары шарданаланып келген. Бирок тилекке каршы кыштын акыркы суук күндөрүндө бул окуянын алгачкы күнү бир аз татаалдашып, жүргүнчүлөрдү жана бийликти ар кандай акыбалга тушуктурду. Анда кеп толугу менен башынан болсун.
Кудай колдогон зоо көчкү
1-февраль күнү кечки саат алтылар чамасында БНТ жолунун 313-чакырым тушуна (бул жер Нарын районунун Оттук айылына жакын аймак: автор КУ) табыгый түрдө аска-зоонун бөлүгү кулап, жыйынтыгында эларалык унаа жолу бөгөлүп калган. Кудайдын буйругу менен ошол маалда бир дагы унаа таш кулаган учурга кабылган эмес. Жергиликтүү коомдук маалыматтар боюнча Нарын шаарынын тургуну түшкөн бир унаа Оттук айылынан Бишкек тарапта бара жатып, жол жабылып калган учурга кез келген.
-Биздин алдыбызда бир унаа кетип бара жаткан. Көрсө алар болжолу 1-1,5 мүнөт эле ушул жерден өтүп кетишиптир. Артынан келе жатып биз өтө албай калдык,-деген экен ошол жаран.
Натыйжада эч кырсыксыз болгон зоо көчкү БНТ жолунун 30-40 метр узундук аралыгына 1800 метр.куб көлөмдө түшкөндүгү аныкталган. Ал күнү Нарындагы №41-жол тейлөө ишканасынын техникалары жана акча каражат менен жол тазалоого алынып, түнкү саат он экиге карата бир тараптуу жол ачылгандыгын, эртеси 2-февраль күнү жол толук тазалангандыгын жергиликтүү бийлик учурунда маалымдаган.
Кооптулуктун күдүң кеби
Мындай өзгөчө кырдаал катталган кийин эле адистер тарабынан бул жерде дагы зоонун кулап кетүү коркунучу бар экендиги эшитиле баштаган. Жыйынтыгында убакытты көпкө создуктурбай, бийлик өкүлдөрү жеринде алгачкы иликтөө жумуштарын 5-февралда өткөрүп, бул күнү «Кыргызресурус лимитед» жана «Азия универсал курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун (ЖЧК) адиси жана алпинисти келишип, зоо башында узунунан 15, туурасынан 10 метр аралыкта жаракалар бар экендигин, демек сөссүз жардырып түшүрүү керектигин белгилешкен.
-Биз бул жерде жардырууну болжолу бир жумага чейин жүргүзөбүз. Чекесинен бөлүп-бөлүп жардырыш керек,-деп билдирген «Кыргызресурс лимитед» ЖЧКнын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Салават Молдоканов ошол жерден ЖМК өкүлдөрүнө. Ал эми өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов жардыруу болгон күнү керектүү атайын техникалар тартылып, жол коопсуздугу сакталаарына жергиликтүү бийлик бардык уюштуруу жумуштарын жасаарын маалымдаган. Натыйжада 13-февралда КРнын Унаа жана коммуникация министринин буйругу чыгарылган жана анда жардыруу иштерди 19-20-февралда ишке ашыруу мерчемделген. Ал эми облустук жол кайгуул кызматы БНТ жолу19-февралда саат 12-00дөн 18-00гө, 20-февралда эртеден кечке чейин Оттук жана Кочкор районунун Сары-Булак айылдарынан тосулаарын алдын ала билдиришкен. Себеби алдын ала маалымат боюнча 19-февралда жардыруу саат 12ге туура келерлиги кабарланган.
Ошентип окуяга күбө болууга облус жетекчиси Аманбай Кайыпов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 19-февраль күнү саат 12ге карата БНТ жолунун 313-чакырымына жакын жерде болушту. Ал эми жардыруу иштери «Азия универсал курулуш»ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткандыгын береги компаниянын деректири Мирбек Дакулов белгиледи.
-Биздин өзүбүздүн атайын унаабыз, керектүү бардык заттарыбыз бар. Учурда алпинист, жардыруучу болуп жалпысы 9 адис келип ишти аткара башташты. Изилдөө боюнча узуну 7-8, бийиктиги 4-5 метр жана туурасы 25-30 сантиметр аралык бүгүн жардырылат. 20-февралда болсо жумуш бүгүнкүнүн жыйынтыгы менен жасалат. Азырынча жардыруудан болжолу 600 куб.метр топурак, таш түшөт деп болжолдоп жатабыз. Бирок көлөмдү алдын ала айтуу мүкүн эмес. Балким эки эсе көп болуп калат,-деп билдирди жардыруу алдында М.Дакулов мырза. Алар атайын жардыруучу компания катары 10 жыл мурда уюшулгандыктарын, жардырууда бир кыйла тажрыйбага ээ экендиктерин да кошумча маалымдады. Экинчи маектешибиз БНТ жол чарба башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Макеев болду. А киши 6 ташуучу, 3 жүктөөчү жана 1 экскватор жумуш аткарууга даярдалгандыгын, жолду эки тараптан ачуу иштер аткарыларын, каттамдарды өз убагында ачууга жетишилерин кеп кылып турду.
Укпаганда айып жок
Жардыруучу жерге тиешелүү кызмат адамдарынан, укук коргоо органдарынан, кабарчы-журналисттерден сырткары жакынкы айылдардын кангып бош жүргөн жарандары да топтоло баштады. Бирок ал аңгыча жардыруу саат экиде боло тургандыгы кабарланды. Айтылган убакытты күтүүгө туура келди. Бир маалда кой айдаган адамдар келе жаткандыгы айтылып калды. Чын эле дал ошол жардыруу боло турган зоонун алдынан эки адам жалаң өңчөй ак койлорду айдап чыга келишти. Көрсө алар Кара-Тал Жапырык деген кыштоодон ичкери карай малын айдап келе жатышкан жарандар болуп чыкты.
-Биз эч нерсе уккан жокпуз,-дешти тоолуктар камаарабастан.
-Кечинде Ошко учмак элек. Билет мурда эле алынып калган болчу. Уруксаат берип коёсузбу,-деп чебелип келди бир жигит А.Кайыпов мырзага.
-Эмне үчүн уккандан кийин эртерээк жолго чыккан жоксуңар,-деген соболубузга, ал эч маалымат укпагандыгын жооп кылды. Акыры сүйлөшүүдөн кийин, анын унаасын өткөрүүгү мүмкүнчүлүк берилди.
Сааттын жебеси 14-30 чамалап калганда жардыруу иштер төрттө боло тургандыгы кайрадан кабарланды. Ал учурда эмне себептен убакыт кайра-кайра жылдырылып жаткандыгын билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби күбө болчу жарандар болжолу жардыруу жерден 800 метр алыс аралыкта турган элек. Бул учурда жыйырмага жакын унаалар Оттук айылынан чыга беришке топтолук калышкан экен.
-Эгер төрттө жардырабыз дешсе, анда бул жердегилерди өткөрүп жибербейбизби. Ага чейин кооптуулук деле жок да,-деп өкүл А.Кайыпов мырза маселе көтөрүп чыгып, анын сунушу орундалды. Жыйынтыгында 18 унаа өткөрүлдү. Бирок саат төрт болгондо да жардыруу болгон жок.
-Эми биздин иш ушундай татаал. Көрсө бул жерде дагы кошумча жардыруучу чекиттер бар экен. Ошондуктан жардыруучу чекиттер жыйырмага жакындап кетти. Буюрса азыр бүтүштү. Эң башкысы жакшы жардыруу болсо,-деген жүйөө кебин келтирди ошол учурда биздин арабызга келген М.Дакулов мырза. Жыйынтыгында күттүргөн учур 16 саат 33 мүнөттө ишке ашырылды. «Дүңк» эткен жардыруудан дал ошол маалда жаныбызда суюктук ичип жаткан КТРКнын өз кабарчысы Бөлөкбай Шеримбековдун колунан идиши ыргып кете жаздады. Капчыгай ичи чаң эле болуп калды. Он мүнөт убак аралыгынан соң, жардырган жерге барууга уруксат берилди жана тазалоо жумуштар башталды. Жардыруудан түшкөн таштар жолду толук жаап, ашканы жол четиндеги тосмолорду тоголотуп, Кичи- Кара-Кужур суусуна чейин жеткен экен. Адистер зоодон жарылып түшкөн топурак-таштардын көлөмүн 1500-2000 куб.метр деп болжолдошту.
Учкан куш кармалат, чыккан сөз кармалбайт
Убакыт болсо зымырап өтүп, саат кечки алтыдан өткөндө Оттук айылынан чыга беришке унаалар топтоло баштады.
-Сиздер туура түшүнгүлө. Жардыруу кеч болду жана көлөмү көп түштү. Ошондуктан 3 сааттан 5 саатка чейинки убакытта жол ачылышы мүмкүн,-деп билдиришти бийлик өкүлдөрү. Алардын мындай маалыматы топтолгондордун арасында ар кандай пикирлерди пайда кылды.
-Саат алтыга чейин гана жабылат деп айтышкан. Ошон үчүн коё бергиле. -Эмне үчүн элди алдашат. -Эртерээк жардырыш керек болчу. -Кечинде жардырбай койсо болмок,-деп баштады ал жердеги жол жүрүүчүлөр. Бирок топтун арасынан бул жардыруу туура болгондугун, чыдамкайлык зарылдыгын, шарт ар кандай болуп калаарлыгын билдирген бир аксакал киши элди сабырдуулукка чакырып турду. Саат түнкү сегизден кийин жол ачылбай калгандыгы тууралуу маалымат айтыла баштады. Көрсө экскаватор жол ортосуна түшкөн зоонун чоң таштарын оодара албай калган экен.
-Эми бул жерде суукта тура бербей кайра Нарынга кайткыла. Чоң ташты бөлүш үчүн атайын техника керек болууда. Жол балким эртең ачылат,-деген жергиликтүү өкүлдөрүнүн айткандарын көпчүлүк алгач кабыл алышкан жок.
-Биз Жумгалга өлүмтүккө бара жаттык эле. -Мени атам оорукчан, эки саатта тамак ичип турбаса болбойт. -Биз Тогуз-Тородон, Ак-Талаадан келе жатабыз, Нарында тааныш үй жок эмне кылабыз. -Менин Нарынга кайра барган майым жок.-Анда жөө өткөргүлө, ары жактан берки таксилерге түшөбүз. -Мен чет элдиктерди алып бара жаткам, эмнеге саат алтыдан кийин ачылат деп алдашат. -Эмне үчүн чоң техникаларды алып келишпейт. Кенедей эксковатор менен иш бүтмөк беле…
Айтор чуру-чуу, бирин бир укпаган кырдаал түзүлүп, кекетүүлөр, омуроололор орун алып жатты. Акыры эл арасынан айырмдары зоо кулаган жерди барып көрүп келмей болушту. Алар келип кырдаалдын кыйындыгын айтышкандан соң, бир катар жүргүнчүлөр Нарын шаарына кайра кайта башташты. Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Абакиров, Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марат Болотбеков бул жерде калгандарды үй-үйлөргө барууга чакырык жасап турушту. Аңгыча жардыруучу адистер келгендиги угулуп калды. Көп өтпөй кайрадан жардыруу орун алып, чоң таштар экиге, үчкө бөлүнгөндүгүн, жол ачылаары айтылгандан кийин ал жердегилердин пикирлери өзгөрдү. Акыры саат 11-30 болгондо жол бир тараптуу ачылып, шыкалган унаалар өтө баштады.
Тыянак
Албетте мындай зоолорду же тоолорду атайын жардыруу кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу болуп жатпаса керек. Бирок мен ушундай окуяга алгачкы жолу күбө болушум. Тек, бала кезде союз доордо Көгөндү деген зоока жардырылгандыгын элес-булас билебиз. Азыр жарылап деп, бизди жууркандар менен жаап, анан кайра тургузушчу. Ал учурда чынында мындай баш аламандык болгон эмес да. Эмне үчүн баш аламандык.
Биринчиси, дагы деле биргелешип иштебегендик. Маселен, унаа, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жардыруучу компания менен тыкыс байланышта болбогондуктары. Ушундан улам убакыттын кечки саат алтыга чейин жол жабылат деп билдирилгендиги жүргүнчүлөрдүн негизги биринчи нааразычылыктарын жаратты.
Экинчи кыйынчылык жардыруудан улам келип чыкты деп эсептөөгө болот. Алгач жардыруучу адистер акырындык менен бөлүп-бөлүп 5 күн иш аткарышаарын белгилешкен. Андай болгондо күнүгө жол бир аз гана саатка жабылмак экен. Ал аткарылбастан олчойгон көлөмдөгү топурак-таштар «күр» этип бир түшүрүлдү. Үчүнчүдөн кар көчкү эмес, килейген зоо жардырылып жаткандан соң, айрым жарандар айтмакчы, таштарды жара турган, оор жүк көтөрө ала турган техникалардын да камсыздалышы абзел эле. Болбосо жол тазалоодогу дээрлик 1,5 сааттай убакытты ордунан козголбогон чоң таштар алмак эмес.
Окуяга башынан аягына чейин күбө болгон күбө-кабарчы Күмөндөр УСУПТЕГИН


Leave a Reply