Селден жабыркаган Талас облусунун жарандары алдын алуу иш-чараларын көрүү маселесин коюуда
Талас облусунда болуп өткөн жаратылыш кырсыгынан жабыркаган элдин кайрылуулары менен депутаттар Д.Жумабеков жана К.Бокоев бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында тааныштырды.
Жыйында депутаттар Дастан Жумабеков менен Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун бир катар айылдарын сел алып, жергиликтүү эл жабыркагандарын маалымдашты. Ошону менен катар карапайым элдин аткаруу бийлигине селканаларды куруу сындуу иштерди алдын алса деген талаптарын табыштышты.
Ошондой эле депутат К.Бокоев Өкмөттүн астына Таластын Казакстан менен чектешкен жерлериндеги өткөрүү пункттары ачылабы же жокпу деген маселени экинчи ирет коюп отурат. Мындан сырткары, дыйкандар күнөсканаларды лизинг аркылуу берүү жагын өтүнүп жаткандыгын кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply