Нарынга үй курганга инвестор бар, жер жок болууда,-агенттиктин жетекчиси А.Акаев
Нарын шаарында тамдар боюнча эч кандай рынок жок экендигин «Гарант» аттуу кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Азамат Акаев Нарын шаарынан атайын жыйын учурунда билдирди.
-Биздин агенттиктин иштегенине 4 ай болду. Ушул убакытта там боюнча изилдөө жүргүзсөк, Нарын шаарында тамдардын баасы белгисиз болуп чыкты. Маселен, бирөө тамын бир баада сата турган болсо, экинчиси деле ошол баага карап сата беришет. Же болбосо тамдын рыногу аныктала элек. Экинчиден биз көп кабаттуу үйлөрдү салалы десек жер жок экен. Албетте канализациясы жок жерлерге үй сала албайбыз,-дейт А.Акаев мырза.
Мындай жүйөгө шаар мэри негизинен кошулат.
-Чынында шаарда жер маселеси оор. Мен бүгүн эле жер таап берем деп айта албаймын. Бирок шаарга үй салабыз деген инвесторлор менен иштешүүгө даярбыз,-дейт шаардын жетекчиси Ырахат Адиев.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply