OLYMPUS DIGITAL CAMERA

 Мындай маалыматты Нарын облустук жол кайгуул кызматы облустук телекөрсөтүү аркылуу таркатты.

Анда Бишкек-Нарын-Торугарт (БНТ) унаа жолунун 313-чакырымында 19-февралдан тарта жол жабылаары шарданаланды. Бул күнү жолдон ары-бери карай унаалар болжолу алты саатка чейин токтотулса, 20-февраль күнү дээрлик күн бою бир дагы унаа өткөрүлбөйт.

-1-февраль күнү ушул туштан зоо кулап түшүп, жолду бөгөп калган. Жыйынтыгында кийин атайын адистер келип, бул жердеги жараңка кеткен зоолордун кулап калуу абалы бар экендигин белгилешкен. Ушундан улам 19-февралдан тарта жардыруу жумуштар аткарыла баштамакчы,-деп билдиришти жол кайгуул кызматынын кызматкерлери.

1-февраль күнү кечки саат 18тер чамасында ушул туштан 1900 м.куб зоо кулап түшүп БНТ жолунун 40 метрге чейинки узундук аралыгын таштар тосуп калган жана жолдун бир тарабы түнкү саат 12ге карата ачылган. Ал эми 5-февралда атайын адистер келишип, жеринде иликтөө жасап, дагы бош таштар бар экендигин, натыйжада сөссүз жардыруу зарылдыгын белгилеп кетишкен. Бул жер Нарын районунун Оттук айылына жакын аймак болуп саналат.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу