Токуу ишканаларына көпүрө болгон “Туйап” көргөзмөсү
Эл аралык соода борборунун (ITC) “Кыргызстандагы сооданы өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен Кыргызстандагы 10 тигүү компаниясы Түркияда өткөн 12-эл аралык Стамбул токуу көргөзмөсүнө катышып келди. Көргөзмө Түркиянын “Туйап” көргөзмө борборунда 5-8-февралда өттү.
Көргөзмө жыл сайын өтүп турат. Адистердин баасында бул көргөзмө пахта, вискоза, акрил, жүн, полипропилен, полиамид, лен сыяктуу текстил жана тигүү өнөр жайында кеңири колдонулуп жаткан материалдардын кеңири ассортименти коюлган ири окуя. Көргөзмөгө катышуучулар тигүү өнөр жайынын токуу тармагы жана ага керектелген башка продукциялар боюнча кеңири маалымат алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өнөктөштөр менен мамилелерди түзүү менен эл аралык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Көргөзмөдө бамбук, органикалык пахта, соя буласы жана башка акыркы 10 жылда тигүү индустриясында кеңири колдоно баштаган экологиялык таза продукциялар өндүрүшчүлөр тарабынан сунуш кылынды. Бул көргөзмө менен катар эле текстиль өнөр жайы үчүн техникалык жабдуулар көргөзмөсү да өтүп, текстиль тармагынын өкүлдөрү жаңы технолгиялар менен таанышуу мүмкүндүгүн алышты. Стамбулда өткөн көргөзмөгө Кыргызстандын 10 жеңил өнөр жай ишканасынан 12 адис барып катышты. Ал 10 компания тең ITC программасынын 4-баскычынын катышуучулары катары “Ардамина”, “Илбирс”, “Алтын Жип”, “Viva Tex” жана башка соода маркалары менен продукция чыгарышат. Кыргызстандык делегация мүчөлөрүнүн айтымында жергиликтүү трикотаж кийимдерин токуучулар үчүн көргөзмө дүйнөлүк токуу фабрикаларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар жана андан аркы кызматташтык үчүн контракттарды түзүүгө аянтча боло алды. Алар дүйнөлүк токуу рыногунун талабы, ассортименти, атаандашуучулук чөйрө жана баа боюнча маалымат алышты.
Белгилей кесек, “Кыргыз Республикасындагы сооданы өнүктүрүү” программасы өлкөбүздөгү кичи жана орто текстиль ишканаларынын ортосунда өз ара атаандашуучулукту көтөрүү жана алардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө жардам көрсөтөт. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Бегим ТУРДАЛИЕВА



Leave a Reply