Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу ачылды
Ош облусунун Кара-Кулжа району. 2015-жылдын 11-февралы күнү саат 17:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында болжол менен 2200м³ кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Анын ичинен унаа жолдун өзүнө болжол менен 900 м³ кар көчкүсү түшкөн. (узуну 75 м, туурасы 6 м, бийиктиги 2 м).
Унаа жолун тазалоого райондук Жарандык коргонуунун транспорт кызматы (ЖЭМ-26) тарабынан 1 бульдозер жана 1 даана жүктөгүч тартылып, саат 11:30 да унаа жолу толугу менен тазаланып ачылды.


Leave a Reply