нөөмөт

2015-жылдын 10-февралынын саат8:00 дөн 11- февралы саат 8:00гө чейинки бир сутканын ичинде 112- Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына баары 405 чалуу болсо, 376 жалган чалуулар болгон. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 313 чалуу болсо, 292 – жалган чалуу. Ош шаары боюнча 92 чалуу болсо, 84 чалуу  жалган болгон. Жалпы өрт каршы кызматына 1 жолу кабар берилип, 5 жолу медицина кызматкерлери чакырылса, 22 адамга телефон аркылуу психологиялык кенеш берилген.

КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун адистеринин айтымында, максатсыз чалуулар көп болууда.  Жалган чалуулардын көп болуусунун себеби сенсордук уюлдук телефондордун контролсуз чалынышынын жана жаш балдардын ойноп чалууларынан, ошондой эле чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар болууда.

Эгерде сиз ар кандай чукул кырдаалга кабылган болсоңуз медицина кызматкерлерин(103) милицияны (103), өрт өчүрүүчүлөрдү чакыруу үчүн  Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына -“112” номерине чалыңыз!