Махабат күнүнүн урматына

Кышкысын да эс ала билген жакшы. Айрымдар өзгөчө кышкы эс алууга өтө маани беришет. Лыжа тебүүнү сүйгөндөр атайын шаар сыртындагы лыжа базаларына барышып, эс алып кайтышса, айрымдар шаар ичиндеги эле жылгаяк аянтчаларына барып, айтор, сезонду кызыктуу өткөрүшүүдө. Жакында 14-февраль – сүйүшкөндөрдүн эл аралык күнү эмеспи. Жаштардын бул майрамынын урматына баш калаадагы “Локомотив” деп аталган муз аянтында муз тебүүнү каалаган жаштар үчүн 3 күн катары менен 30% жеңилдиктер берилген акция өтөт. Бул күндөрү жубу менен келген жаштар 300 сом төлөп, 1 саат муз тебе алышат.
Белгилей кетсек, “Локомотив” муз аянтында жылдын ар мезгилинде массалык муз тебүүгө, театралдык оюн-зоокторду өткөрүүгө, хоккей, футбол сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгууга жана турнирлерди өткөрүүгө бардык шарттар бар. Спорт комплекси темир жолчуларга жана шаардыктарга сергек жашоо мүнөзүн тартуулоо жана алардын эс алуусун уюштуруу максатында негизделгендигин да белгилей кетүү абзел.
Динар Турдугулова

Leave a Reply