Жаратылыштын сырлары
Мурдатан эле кыргыз эли арчаны касиеттүү дарактардан деп эсептеп келишкен. Баткен тарапта анын ичинде Лейлекте археологиялык казуу учурунда миңдеген жылдар мурда сөөк салынып көмүлгөн арча табыттары табылган. Арча табыттары байыртан эле бааланып келген анткени арчадан жасалган табыт эч бузулбастан сакталган. Азыркы учурга чейин арчадан жасалган идишке куюлган айранды жана максымды жактыргандар көп. Жаңы төрөлгөн баланы арчадан жасалган бешикке салса, наристенин өмүрү арча сыяктуу узун болот деген да ишенимдер бар. Ал эми көчөлөрдө базарларда ысырык салып жүргөндөргө, салтты билген адамдар айттырбай эле ырымдашкан. Мындан сырткары, көктөп турган арчаны көктөбөй соолуйт деп кыюудан коркушкан. Бул түшүнүктөр бабаларыбыздын экологиялык аң-сезиминен келип чыкканын айгинелеп турат.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Leave a Reply