Жалал-Абад облустунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жарандарды жеке кабыл алууну өткөрдү
Бүгүн, 5-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева 2015-жылдагы алгачкы жарандарды жеке алууну өткөрдү деп билдирди өкүлдүн басма сөз катчысы. Өкүл Жумагүл Эгембердиеванын жеке кабыл алуусунда ар кандай маселелер жана өтүнүчтөр менен кайрылышкан 13 ар кыл улуттагы жаран болду. Кайрылган жарандардын айрымдарынын арыз-кайрылуулары жеринде чечилип, 3 атуулга материалдык жардам көрсөтүлдү. Кээ бирлеринин арыз-өтүнүчтөрүн оң жагына чечүү жагы тиешелүү мекеме-уюмдарга жөнөтүлдү. Өткөн жыл ичинде өкүл Ж. Эгембердиева ар кандай маселелер менен кайрылган 386 жаран менен жеке кабыл алууну уюштурган.
Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу


Leave a Reply