Нарын шаарында «Жол картасынын» аткарылышы сынга алынды
2014-жылда Нарын шаары боюнча туруктуу өнүктүрүүнүн «Жол картасына» жалпысы 2 миллиард 527 миллион 198 миң сомдук 77 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылган. Иш жүзүндө 41 долбоорго жалпысынан 833,6 млн.сомдук мамлекеттик жана жеке ишкердик ивестициялар тартылган. Бул тууралуу шаар мэринин биринчи орун басары Алмаз Суранов билдирди. Мындай маалыматка облус жетекчиси ынанган жок.
-Пландаганга караганда дагы 36 долбоордо иш болбоптур. Экинчиден 41 долбоордун канчасы толук бүттү, канчоо теңдеди маалыматыңар барбы?-деп собол салды шаардын бир жылдык ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылган отурумда өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов.
-Акча каражатын тартыштыгынан 36 долбоордо иш болгон жок. Бирок долбоордон сырткары да жумуштар жасалды. Бул 41 долбоордун иштеп жаткандары да бар,-деп жооп кайтарды А.Суранов.
-Анализиңер жок. Анализ кылгыла,-деди өкүл.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply