турсунбай Бакир уулу1

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасындагы балдардын ден соолугуна, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев тарабынан демилгеленген.

 Демилгечилердин бири депутат Турсунбай Бакир уулунун баяндамасына ылайык, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнү алдын алуу, аларды дене, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана нравалык өнүктүрүү боюнча чараларды белгилөө максатында иштелип чыккан. Долбоор аркылуу балдардын коомдук жайларда болушуна тыюу салуу жана чектөөлөр каралган. Башкача айтканда, иш-чараларды балдардын катышуусу менен жүзөгө ашырган мыйзамдуу өкүлдөрдүн (ата-энелер же аларды алмаштырган адамдар) коштоосу жок балдардын коомдук жерлерде болушу убакыттын кайсы мезгили болбосун: сыра точкаларында, чатырларда, барларда, алкоголдук продукцияларды, сыраны жана анын негизинде даярдалган суусундуктарды гана сатуу үчүн арналган башка жерлерге тыюу салынат.

Демилгечи түнкү мезгилде 22.00дөн 06.00 саатка чейин иш-чараларды балдардын катышуусу менен жүзөгө ашырган мыйзамдуу өкүлдөрдүн же адамдардын коштоосу жок балдар жүргөн коомдук жерлерди тизмектеди.

Балдарга зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чараларды камсыздоо талаптарын сактабагандыгы үчүн же ата-энелеринин жоопкерчилиги каралган же айыппулдар каралган мыйзам долбоору дагы сунушталды. Аталган мыйзам долбоору менен бирдикте “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” тиешелүү мыйзам долбоору да киргизилген.

Талкууда балдардын жаш өзгөчөлүктөрү боюнча ар түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдар депутаттар 16 жаштан жогорку балдарга уруксаат берүүнү, түнкү саат 11-00дөн кийин деп түзөтүүнү сунуштады. Депутат Дастан Жумабеков бүгүнкү шарттарга айрым жерлер туура келбей калаарын, андан улам милиция кызматкерлерине коррупциялык жагдайлар түзүлөөрүн айтып, түнкү клуб сындуу балдарга терс таасир этүүчү жайларды кайра карап чыгуу керек дейт. Мындай пикирди улаган депутат Кожобек Рыспаев сунушталган мыйзам долбоору иштебей калышы мүмкүндүгүн айтып, тыяюу салынуучу жайларды кайра карап чыгууга чакырды.

Ал эми депутат Ыргал Кадыралиева демилгечилер балдарды адептүүлүккө тарбиялоого багытталган долбоор сунуштаганын, бул профилактикалык маселе болушу керектигин айтып, колдоого алды.

Концепциясын колдоого алган депутаттар мыйзам долбоорлорун 1-окууда добуш берүүгө жолдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.