Бишкекте катуу жер титирөө болушу мүмкүнбү?
Өткөндөгү Бишкектин жака-белиндеги күчү 5 баллга жеткен жер силкинүү калаа тургундарынын тынчсыздануусун жаратты. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов абал тууралуу билдирүү жасады.
Геологияда, жер кыртышын изилдөөдө бир эле учурда бир эле жаратылыш мыйзамдары кайрадан кайталанып келип турат жана ал ошондой эле күч менен кайталат деген идея колдонулуп келет. Аны – геологиялык актуализм деп коюшат. Ага ылайык өткөн чакта катуу жер титирөөлөр болсо алар кийин дагы ошол аймакта кайталант деп айтылат. Эң акыркы жолку күчтүү жер титирөө 1885-жылы Бишкек шаарынын 60 чакырым алыс жерде болуп, анын силкинүү күчү 9 баллга жетип, бул Бишкектин аймагында 7 баллга сезилген экен.
Окумуштуу адистердин айтымында, Чүй өрөөнүн курчап турган Тянь-Шань тоосу эки чоң плитада жайгашкан, алардын бири – түндүк жагынан Казак плитасы болсо, экинчиси түштүк тараптагы Тарим плитасы. “Түндүк Тянь-Шандагы сейсмикалык активдүүлүк негизинен жүздөгөн жылдардан бери Тарим плитасы Казак плитасы тарапка жыл сайын болжолдуу түрдө 2 сантиметрден жылып келе жаткандыгына байланыштуу келип чыгууда”,- дешет сейсмологдор.
“Негизинен акыркы учурларда Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк байкалууда. Ал 2013-жылдан тартып башталган, биздин божомол боюнча бул 2016-жылга чейин уланып, майда жер титирөөлөр көп жана тез-тезден болуп турат. Жер титирөөлөрдүн активдүүлүгү 2016-жылдан кийин басаңдап, кайра 2026-жылдан тартып күчтөнүшү ыктымал. Жакында Бишкекке чукул жерде, Ысык-Ата районунда силкинүү очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды, бул Бишкекте 3 баллга чейин сезилди. Ошондой эле 26-январда Сокулук районун Беловодское айылындагы дагы жер силкинүү болуп өттү. Жыл башынан бери Бишкекке жакын аймактарда үч жер титирөө катталды. Мунун баары мен жогоруда айтып өткөн сейсмикалык жактан активдүү мезгилге киргендигибизге байланыштуу болуп жатат”,- дейт директор Канат Абдрахматов.
Ошондой эле ал Кыргызстанда сейсмикалык жактан активдүү алкактарга Ош областынын Чоң-Алай жана Алай району, Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк чыгыш жагы да кирээрин айтат. Анткени, бул аймактарда буга чейин дагы жер титирөөлөр көп катталып келген жана каттала берет деп болжолдонгон. Окумуштуунун айтымында, салттуу түрдө республиканын аймагында жыл сайын 3 миңге жакын майда жер силкинүүлөр болуп турат, анын 10-15и күчтүрөөк деп эсептелет.
Динар Турдугулова


Leave a Reply