Жогорку Кеӊештин депутат айымдары Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеӊештеринин айым депутаттары менен жолугушту
Жогорку Кеӊештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Майрамгүл Тиленчиева, Роза Акназарова, Карамат Орозова жана Элвира Жумалиева Чүй областынын Ысык-Ата районунда өткөрүлгөн «Айымдар клубунун» кезектеги иш-чарасына катышты. Аталган райондогу жергиликтүү кеӊештердин айым депутаттарынын катышуусундагы бул жыйында аялдардын коомдогу орду талкууланды.
Бүгүнкү коомдун өнүгүшүндө айымдардын орду чоӊ экенин баса белгилеген Жогорку Кеӊештин депутаттары кесиптештерин жергиликтүү маселелерди чечүүдө жигердүү иш алып барууга чакырды.
Ошондой эле жолугушууда социалдык көйгөйлөр дагы айтылды. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы төрөт үйүн жаап салгандан бери Кант шаарындагы төрөтканада орун жетишсиз экени, “Баатыр эне” наамын алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоодо энелер бир топ кыйынчылыктарга кабылып жатканы ортого салынды.
Жыйын катышуучулары ата-энелерди балдарын караганга милдеттендирген мыйзам керектигин жана дин маселесине көӊүл бурбаса, жаштар ар кандай диндерге азгырылып жатканы айтышты.
Жолугушуу соӊунда эл өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдү Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитеттери мененӨкмөткө жолдоорун билдириши. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.


Leave a Reply