Депутат Н.Касымбеков: “Балдар онкология бөлүмү дары-дармектер менен камсыздалса, оорулуу балдардын 70-80% айыктырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”
Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Нурбек Касымбеков Онкология ооруканасынын Балдар онкологиясынын кызматкерлеринин, оорулуу балдардын ата-энелеринин кайрылуусу менен тааныштырды.
Айтымында, Балдар онкологиясында болгон 35 койка бар. Бир жыл ичинде болжол менен 500-600 бала дарыланат. Буга кошумча балдарга дары-дармектер жетишсиз. Эгер аталган бөлүм тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалса, 70-80% балдардын онкологиялык оорусун айыктырууга болот экен. Н.Касымбеков дары-дармек менен камсыздоого 15 миллион сом керек экенин айтып, республикалык бюджеттен мындай көлөмдөгү каражатты кароо максатка ылайыктуу деп, сунушун ортого салды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply