Нарын шаарында электр кубатын пайдалануу 7,6 пайызга көбөйгөн
Нарын шаардык электр тармактар району (ЭТР) боюнча өткөн жыл ичинде 164,7 миллион кВт.саат электр кубаты пайдаланган. Бул көрсөткүч 2013-жылга караганда 12,4 миллион кВт.саат электр кубаты көп керектелди дегендикти билдирет.
-Негизи кыш эрте түшкөндүктөн, суук мезгили узак болууда. Ошондо дагы электрге тарифтер кымбаттаганга карабай, керектөө зарылдыгы келип чыгууда. Ал эми жалпы коромдор 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 млн. кВт.саатка азайтылды жана сатылган товардын 97,8 пайызы жыйналды,-дейт аталган тармактын жетекчиси Турсунбек Алымбаев.
Ошол эле учурда быйылкы жылдын башына карата ЭТРдин аласа акчасы 59 миллион сомго барабар болсо, анын 8,3 млн.сому калкка, 2,3 млн.сому республикалык бюджетке, 2 млн. сомдон ашуун каражат коммерциялык структураларга, 127,8 миң сому жергиликтүү бюджетке туура келет экен.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply