уктоо1

Казакстандын түндүгүндөгү Калачи кыштагында адамдарды көпкө чейин уктатып койгон сырлуу оору чыкты. Аны дарыгерлер «белгисиз генезанын энцефалопатиясы» деп аташса, адамдар жөн гана «уйкунун оорусу» деп жатышат. Кыштактын жашоочулары үйдө болобу, иште болобу көп убакытка уктап калышууда. Көзү илинип кеткендер ошону менен таптакыр уктап калбайт. Алар басып туруп сүйлөй бериши мүмкүн, бирок качан эсине келгенде эчтекени эстей алышпайт. Аталган оору алгачкы жолу 2013-жылы массалык түрдө боло баштаган, бирок ага чейин деле айрым учурлар болуп келген. Ошондон бери 600дөй адам жашаган Калачи кыштагында жүздөн ашык адам “уктап кетти”. Декабрдын этегинен баштап бул оорунун күчөгөн фазасы байкалган. Бери дегенде кырк адамдын ага чалдыкканы катталды.

Галлюцинация жана координациянын бузулушу

Дарыгерлер аталган оорунун белгилери катары уйкунун келгенин, өзүн начар сезүү, баш айлануу, галлюцинация жана координациянын бузулушун айтышууда. Бул оорунун кайталанып келген учурлары көп болууда, аны дарыгерлер “стопоризация” деп мүнөздөгөн өтө оор учурлары он күнгө чейин созулушу мүмкүн. Балабы же кары кишиби, баары “уктап кетип” жатышат. Дарыгерлер менен окумуштуулар азырынчы бул сырдуу көрүнүштүн себептерин биле албай жатышат. Атайын түзүлгөн комиссия бул округда изилдөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА