Баарыбыз бала болгонбуз… Күчүк уурдап, милицияга сурак берген депутат

(Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун бала чагы)
Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бакиров 1978-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн совхозунда карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Мурзараим Бакиров кезинде айылдык медпунктта врач болуп иштечү. Кийинчерээк кандайдыр бир себептерден улам сүйгөн кесибин таштап, эл катары дыйканчылык кылууга өткөн. Ошентип, көп жыл бою совхоздо бригадир болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыкты. Ал эми Айсулу апа болсо, таң эрте жолдошун жумушуна узатып, кечкисин тосуп алып, үй толо бапырап-шапыраган алты баласына (2 кыз, 4 уул) татыктуу тарбия берди. Жолдошу керээли-кечке совхоз жумуштары менен алектенип, кечинде чаалыгып-чарчап үйгө келгенде гана аталык мээримин төгө балдарынын жүзүнөн сүйүп, анан сабактарын биртике текшерип, азыраак аталык кеп-кеңештерин айтканы болбосо, балдарынын баары эле өз алдынча тың өсүштү.
* **
Араван аймагы илгертен ак алтындын мекени делет. Айылдагы калктын басымдуу көпчүлүгү ак алтынды айдап, аны аспеттеп багып, айтор, пахтанын түйшүгү менен күн кечиришет. Мындан тышкары, жергиликтүү калктын дагы бир тиричилиги – дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын аркасында. Бакировдордун үй-бүлөсү да мына ушул пахтачылык, малчылык жана дыйканчылык менен бирдей алпурушуп, жашоо улантышчу. Үйдөгү улуу балдары ата-энесине каралашып, алдарынын жетишинче пахта терип, эгин-тегин жыйнашса, ал эми кичүүлөрү бирин-бири жетелеп кокту-колотко мал жайып чоңоюшту.
***
Өмүрбек байке уулдардын эң улуусу. Ал айылдагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 1-класска барган. Өзүнүн айтымында, кичинесинен эле абдан шок, балдар менен көп мушташып, анын айнынан сабактарды калтырып же көп каччу экен. “Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” демекчи, ээнбаштыгынан бирде таяк жесе, бирде балдарды таяктап, айтор, балачагы ушундайча өттү. Сабактарга жарытылуу деле даярданчу эмес экен, тескерисинче, жыл башында сумкасына салган жалгыз китебин жыл аягына дейре көтөрүп, баарынан да ошол китеп мектеп партасын эзели көрбөгөнүн айтып, күлөт. Өмүрбектин эң жакшы көргөн сабагы дене тарбия. Бул сабактан такыр калчу эмес, алган баалары да жалаң “5” болчу. Ошондой эле математикага, 7-8-класстардан тартып биология, киши сабактарына кызыгуусу арта баштаптыр. Кыскасы, мектепти орто баалар менен аяктады.
* **
Өмүрбек кичинесинде милициядан абдан коркчу. Ошентсе да ээн баштыгын койчу эмес. Бир күнү кошунасынан ити тууп, анын күчүктөрүн уурдайм деп, аны билип калган кошунасы милиция чакырат. Үйүнө милиция келгенде, ата-энеси сыртка чыгып кетишет, милиция баланы суракка алып, күнөөсүн мойнуна коюп бергенде, коркконунан ыйлап жиберет. Ошол кезде Өмүрбек 3-класста окучу. Көрсө, иш мындай болуптур. Баласынын ээнбаштыгынан чарчаган эне-ата аны милицияга коркутуп коюуну чечишип, “кошунанын ити тууптур, күчүгүн уурдап кел” деп жиберишет. Кайра “уурулугуң билинип калыптыр” деп өздөрү милиция чакырып коюшуптур. Ошентип, кичинекей Өмүрбек чоңойгучакты милиция аттуудан коркуп жүрдү.
Милициядан корккону менен эңсегени чоңойгондо милиция болуу эле. Окууну аяктаган жылы да милициянын окуусуна тапшырууну каалайт. Бирок, ата-энеси ЖОЖго тапшырууга каршы болушат. Анткени, мектепте сабактан качып, орто окуган баласынын кылык-жоруктарына ынанбаган ата-эне андан билимдүү адис чыкпаса керек дешкен. “Андан көрө мал багып, пайдалуу иш кыл” дешкенине карабай, Өмүрбек өз айтканын бербей, Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин финансы-экономикалык факультетине тууганынын жардамы менен окууга кирет. Ошентип, 1996-2001-жылдары студенттик доорду сүрүп, экономист адистигине ээ болуп чыккан.
Жогорку окуу жайында окуп жүргөн кезинде деле мектептегидей орто окуду. Көбүнчө бош убактысын спорт менен машыгууга арнады. Университеттеги спорт кафедрасынын башчысы, самбо, дзюдо боюнча СССРдин мастер-спортчусу Жунус Махмудов агайынын колунда 5 жыл спорттук таалим алды. Албетте, адам бир багытты тандап, анын ийгилигин багындырууга максат коет эмеспи. Өмүрбек байке да спорт тармагында ири ийгиликтерге жетүү тилеги турмушка ашпай койгон жок. Самбо, дзюдо боюнча бир нече жолу мелдештерге, күрөштөргө катышып, ийгилик көрсөтө алды. Бирок, спорттун мастерлигин алууга ашыкпай, жаштыгынан анчейин маани бербей жүрүп, убакыт өтө берди. Негизинен ал спорттун күрөш, эрежесиз эр мушташ жагына көбүрөөк ыктагандыктан, спорттун чебери боло албай калыптыр. Анткени, бул түрлөргө категория берилбейт тура.
* **
2007-жылы аталаш бир тууганы менен финалда беттешип калышат. Ошондо агасын сыйлап, жеңишти ага берет. Мындан кийин да спортту таштап кетпей, машыгууну уланта берет. Ушул эле 2007-2009-жылдар аралыгында “Алыш” эл аралык , Азиялык спорт федерациясынын Түштүк аймагы боюнча президенттигин аркалайт. Эки жыл ичи мыкты деген спортчуларды даярдап, аларды каржылык да, моралдык да жактан камсыздап, өлкөнүн желегин чет элде желбиретип, дүйнөнүн бир жана эки жолку чемпиону кылууга жетишет. Азыркы учурда да аталган федерациянын түштүк аймагындагы бөлүмүндө 600гө жакын жаш спортчулар машыгып келишет.
* **
“Спорт – бул кесип эмес, өнөр”,- деген Өмүрбек байке ЖОЖду бүткөндөн кийин өргө чапкан өнөрүн спортко арноо менен бирге өз кесибин да ара жолго калтырбай, аны чакан бизнесчиликте сынап көрдү. Өзү туулуп, өскөн Төө-Моюн айылындагы калктын айдап, терген пахтасына россиялык, казакстандык кардарларды, инвесторлорду таап, тартып, сатышууга көмөктөшүп жүрдү. Кийинчерээк, пахтачыларга эрте жазда үстөксүз каражат берип, пахта терилген чакта, акчасын пахтага чегерип алчу. Ошентип, Аравандагы “Потенциал” пахта заводунун Турсунбай аттуу директору экөө өнөктөшүп, Ташкент, Россиядан инвесторлорду тартып, өз районундагы дыйкандардын пахта түшүмүн сатышып, чакан бизнесин өркүндөтүштү.
* **
Өмүрбек Бакиров 2007-жылы 29 жашында №50 Керме-Тоо шайлоо тилкесинен Жогорку Кеңештин жеке мандаттуу депутаттыгына аттанып, 2-орунду алган жайы да бар. Бирок, маарага жеткени калганда парламент таркап, андан кийин партиялык система киргизилген. Андан кийин деле эли-жерине жардамын аябай, спорт жагынан жаштарды колдоп келгендигинен айылдыктардын назарына түшөт. 2010-жылы партиялык тизме менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына шайлоо болоордо “Ата Журт” партиясынын катарында шайлоого аттанат. Ошентип, 2011-жылдын 26-сентябрында депутаттык мандатка ээ болгон.
Үй-бүлөлүү. Жубайы Элиза экөөнүн бирге түтүн булатып келишкенине 10 жылдан ашып барат. Учурда Актан, Медина, Алина аттуу үч баланы чогуу тарбиялап келишет.
Динар ТУРДУГУЛОВА

Leave a Reply