23333

Бүгүн, 19-январь Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардык  базардын ишкерлери менен шаар мэри С.Авазов жолугушуу өткөрдү.   Анда ишкерлер  Ленин көчөсүнүн эки тарабы темир тосмолору менен тосулганына каршы пикирлерин билдиришти.  Алардын иштеринин жүрүшүнө тоскоол болорун  айтышты. Шаар мэри ишкерлерге мыйзамдын гана чегинде жумуш аткарылып жатканын билдирди жана иштерине тоскоолдуктар болбостугун белгиледи.  

Айта кетсек, тосмолор тосулганы менен шаар көркүнө көрк берип, эл үчүн өтүүгө ынгайлуу  көпүрө курулгандыгы унаа тыгындарынын болбоосуна жана  жол кырсыктарын алдын алууда жакшы шарт түзүлгөнү мэрия тарабынан билдирилди.

Мейманбү АКЖОЛОВА