мусорщик1

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети бүгүн, 19-январда «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңеш депутаттары Майрамбек Расулов, Акылбек Султанов.

Демилгечилердин бири М.Расулов мыйзам долбоору турмуш-тиричилик жана өндүрүш таштандыларын атайын белгиленбеген жерге таштаган жарандардын жана жактардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталгандыгына токтолду. Айыппулдун көлөмү кызмат адамдарына эки эсе жогорулатуу каралган. Демилгечи таштандыларды атайын белгиленген жерлерге таштабагандарга айыппул салуу чет өлкөлөрдө тажрыйбаланып, бир топ жыйынтыктарды берип жатканына бир катар чет өлкөлөрдү мисалга тартты.

Талкууда комитет мүчөлөрү айыппулду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен экологияны коргоо боюнча иш алпарган мекемелер саларын, андан түшкөн каражат республикалык бюджетке жумашала турганын такташты. Жыйынга чакырылган Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоорун колдоо боюнча пикирлерин билдиришти.

Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов андан түшкөн каражаттын 50% айыппул салып жаткан органга, 50% республикалык бюджетке берүүнү сунуштады. Ошону менен катар таштанды иштетүүчү завод куруу боюнча иш алпаруу жагын колго алууну Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине жолдоду. Түшкөн айыппулду айыл өкмөттөрүнө берүү керектигин депутат Мамытбай Салымбеков кошумчалап, айыл өкмөттөрү өздөрү  тазалыкты сактоого кызыкдар экени менен түшүндүрдү.

Мыйзамдын аткарылышына токтолгон депутат Эсенгул Исаков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги менен укуктары да чоң экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.