Президент А.Атамбаев жана БУУнун өкүлү А.Аванесов уюм менен кызматташтык маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 19-январда президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын КРдагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы. Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен ООН системасынын ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы перспективалары, анын ичинде өлкөдө таза жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу, сот жана шайлоо системаларынын реформалары талкууланды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply