Вервьеде эки жихадчы өлтүрүлдү
Бельгиянын чыгышындагы Вервье шаарында терроризмге каршы операция учурунда Сириядан кайтып келген деп шектелген эки жихадчы өлтүрүлдү. Үчүнчү киши колго түшүрүлгөн. Прокуратуранын өкүлү Эрик Ван дер Сиптин айтымында, полиция жакында Сириядан кайтып келген согушкерлердин тобунун изине түшкөн. Алар Бельгияда террористтик иш-аракеттерди пландаштырып жатканы божомолдонгон. Полиция шектүүлөр турган жерди тинтүүгө келишкенде аларга каршы ок атышкан. Натыйжада шектүүлөрдүн экөө өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалган. Прокуратуранын өкүлү андан тышкары, Брюссель районунда да терроризмге каршы операциялар жүрүп жатканын билдирди. Вервьедеги күбөлөр шаарда ок атышуунун үндөрү угулганын айтышууда. Алардын айтымында, атышуулар бир нече минутка созулду. Үч жолу жарылуунун үнү угулган. Расмий маалыматтарга караганда, Бельгиядан 325 киши Сириядагы согушка тартылып, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко кошулуп кетишкен. Вервьеде өлтүрүлгөн жихадчылар мындан бир апта мурда Сириядан кайтып келишип, ошондон бери атайын кызматтардын көзөмөлүндө турушкан.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply