толкун1

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында депутат Марат Султанов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна дароо эле үч окууда алып чыгууга макулдук берилди. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук мыйзам жолболору Бажы бирлигине кирген мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирилип жатканын баса белгиледи. «Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Улуттук банк тарабынан сырттан ташылып келинген валюталар менен жабдууларга атайын алымдар менен жыйымдар алынууга тийиш. Бирок, парламенттин тармактык комитетинин атайын чечими аркылуу алардын бошотулуп келген. Мына ушул талапты азыр мыйзамдын өзүнө киргизүү сунушталууда. Бажы бирлигинин талабы да ушундай», – дейт ал.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА