Жылдын “жаңысы” – “эскиси” деген болобу?
Байыркы бабалардын ойлоосунун так-таасындыгына тан бересиң! Алар мезгил мерчемдеринин алмашууларын, убакыттын “эскирип-жаңырбай” эле, бир багытты көздөй, кечээкиден учурга, бүгүндөн эртеңди карай тынымсыз агып (өтүп) турарын билишкен.
Урматтуу окурман! Жыл жаңырганда ушулар тууралуу ойлондуңузбу?
Байыркы көчмөн кыргыз элинде Убакыттын “эскиси” же “жаңысы” деген түшүнүк болгон эмес! Анткени, байыркы бабаларыбыз “убакыт” дегенди эч токтобой агып туруучу, аны жылдырбай тутуп туруу тап-такыр мүмкүн болбогон, Улуу Жаратылыштын ажайып кудуреттүү кубулушу катары билишкен. Калыбы, ошол себептен байыркы кыргыздар жылды “жаңы”, “эски” жыл деп бөлгөн эмес. Табияттын эң татаал, аскар тоолуу шартында өтүп жаткан жашоо, көчмөн турмуш Улуу Жаратылыштын ар бир мезгилинин кайсы учурда кандай шарттары менен келээрин, аларга карата кандай камылгаларды көрүү зарылдыгын жеткире аңдоону жана так билүүнү талап кылган. Ошол себептүү байыркы көчмөн бабалар эзелтеден бери эле жыл сүрүү, жыл эсептөө жагынан мыкты кабардар болгон десек жаңылышпайбыз. Атүгүл, ай арасындагы аба ырайынын абалын, жыл ичиндеги климаттык өзгөрүүлөрдүн бир кыйласын алдын ала айтууга батынышкан!
Байыркы бабалардын Жыл таанымынын акыйкаты ушундай!
Ата-бабаларыбыздын эзелтен бери келаткан түшүнүгүндө жыл алмашып, бул учурда эл турмушунда кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөрдү (көбүнчө жакшылыктарды!) алып келет деп болжошкон. Ошентип, кыргыздар атам замандан бери эле өтүп бараткан жылды кадырлуу каада, нарк-насили менен узатып, келе жаткан жылды тийиштүү салт-санаа, ырым-жырымдар менен салтанаттуу тосушкан! Андай салабаттуу жөрөлгөлөрдү байыртан бери эле “Жыл ажыроо” деп кастарлап атап, шаан-шөкөт, шаң менен майрамдап келишкен!
Адатта, “Жыл ажыроо” майрамын байыркы көчмөн кыргыздар илгертеден бери эле “Жыл башы” деп аташып, ушул күнү алатоолук бабаларыбыз арча түтөтүп, үй ичин, мал-короосун аластап ырымдашкан. Мындай сайрандоо “Жаз майрамы” – Ноорузга туш келген. Ал эми биз, азыркы кыргыздар, “Жыл ажыроо” мааракесин европалык жыл эсеп менен кышында (январда) “Жаңы жыл” деп, Балатыга чокунуп, сыйынып сайрандап келебиз! Бул кышкы Жаңы жыл – майрамы дүйнөлүк майрам! Аны кыргыздар өткөн ХХ кылымдын 30-жылдарынан бери массалык түрдө белгилеп келишет! Бул майрам кыргыз тиричилигине терең сиңип кеткен майрам.
Буга да “Кудайга шүгүр!” дейли. Элибизди, коомубузду, мамлекетибизди, Өкмөтүбүздү, демек баарыбызды жаңылануунун шарапаты каптасын!
Баарыңыздарды Кут ыроолосун! Кыдыр жылоолосун!!!
Тайлак АБДЫЛДАБЕКОВ, Кыргыз улуттук энциклопедиянын адабий көзөмөл редакциясынын редактору, ветеран журналист


Leave a Reply