Дүйнөлүк банктын рейтингинде өлкөбүз Түркия менен Кытайдан алдыда
Өткөн жылдагы ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, Кыргыз Өкмөтүнүн аракеттери өз үзүрүн берди. Ага эл аралык рейтингдердеги өлкөбүздүн көрсөткүчтөрү далил. Бул боюнча Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун 2014-жыл боюнча отчетуна таянсак, глобалдык атаандаштык индексинде Кыргызстан өз көрсөткүчүн кыйла жакшырткан дүйнөдөгү беш өлкөнүн бири болду. Тагыраагы, биз мурдагы 121-орундан 107-орунга көтөрүлдүк. Албетте, бул жаман ийгилик эмес. Өкмөттүн жүзөгө ашырып жаткан реформаларынын натыйжалуулугу да эл аралык эксперттер тарабынан татыктуу бааланды. Эгер, 2013-жылы реформалык аракеттер боюнча Кыргызстан 116-орунда болсо, өткөн жылы 77-орунга, салыктар боюнча – 51, соода тоскоолдуктарын жоюу боюнча – 37-орунга чыкты.
Финансылык рынокту өнүктүрүү жаатындагы ийгиликтерибиз да кубанаарлык – өлкөбүз азыр 95-орунда (мурда 112-орунда элек).
DoingBusiness рейтинги боюнча жетишкендиктерибизге да токтоло кетели:
Бизнес ачуунун жеңилдиги боюнча – 12- орун;
Кредит алуунун оңойлугу – 13-орун;
Инвесторлорду коргоо боюнча – 22-орун;
Маянага жараша кайтарымдуулук – 26-орун;
Экспорт боюнча – 44-орун;
Салык төлөмдөрү боюнча – 51-орун;
Өкмөттүн саясатындагы ачыктык – 82-орун;
Өкмөттүн жөндөмдүүлүгү – 87-орунда.
Бүткүл дүйнөлүк банктын DoingBusiness – 2014 рейтингинде өлкөбүз Түркия менен Кытайдан алдыга өтүп, 68-позицияны ээлей алды.
Азиялык өнүктүрүү банкынын баасында 2014-жылы Кыргызстан экономиканы башкаруу, социалдык жана мамлекеттик сектордогу жүргүзгөн саясаты боюнча мурдагы 14,4 пункттан 16 пунктка чейин позициясын жакшыртты. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын жаңыланган классификациясында Кыргызстан орто кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кошулду. Мындай ийгиликтер акыркысы эмес. Анткени, элибиз жаңы жылда мындан да чоң жакшылыктарга үмүт артып олтурат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply