Индияда окугуң келеби?
КР Президентинин алдындагы Билим берүү фондусунун ишмердигинин алкагында билим берүү маселелери боюнча комиссиясы 2015-2016-окуу жылына карата Индиянын университеттеринде, билим берүү мекемелеринде окууга стипендия бериле турганын жарыялайт. Бул долбоор Стипендиянын Жалпы Системасына (GSS) ылайык, маданий байланыштар боюнча индиялык кеңештин (ICCR) Башкы маданий стипендиялык программанын алкагында жүрүүдө. Стипендиялар бакалавр, искусство/илим магистри, докторантура, докторантурадан кийинки изилдөөлөр, социалдык жана гуманитардык илимге окутуу боюнча бөлүнүп берилет.
Талаптар:
Каалоочулар окуу программасын толук өздөштүрүүсү үчүн англис тилин эркин билиши керек.
Бардык талап кылынган документтер тиркелген, толтурулган жана кол коюлган заявкалар pdf түрүндө Бишкек шаарындагы Индиянын элчилигине төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: comitec.bishkek@mfa.gov.in
Паспорт өлчөмүндөгү 5 даана сүрөтү менен заявканын басылып чыккан формасы Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын элчилигине Махатма Ганди көчөсү 100-А, 720010, Бишкек шаары дареги боюнча 2015-жылдын 30-январына чейин жөнөтүлүшү керек.
Программа жөнүндөгү кеңири маалымат, заявканын формасы, жалпы жолдомолор, анкетаны толтуруу жолдомолору жана ошондой эле Индиянын университеттеринин тизмеси www.iccrindia.net расмий сайтында жайгашкан.


Leave a Reply