44

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин (ММД) жетекчиси Мухамбеткадыр Мамбетакунов өткөн 2014-жыл ичинде шаардын муниципалдык менчигинде турган жер аянттарын ижарага берүүдөн 2 208 967 сом жергиликтүү бюджетке түшүрүлгөндүгүн, бул көрсөткүч 2013-жылга караганда 618 миң сомго арбын жыйналгандыгын билдирди. Ошол эле маалда мекеменин карызы азайгандыгын белгиледи. Же болбосо ММДдин социалдык корго карызы жыл ичинде 89,5 миң сомдон 4 миң сомго, киреше салыгы 33,3 миң сомдон 4,4 миң сомго, жер салыгы 52,8 миң сомдон 10,8 миң сомго чейин азайган. Бирок мындай жетишкендиктер шаар мэрин канааттандырбайт.

-Бул мекеме киреше менен иштеши керек. Чогулткандары 2,2 миллион сом, керектегендери 2,5 миллион сом. Демек өзүн-өзү актабайт. Тескерисинче, бул мекеме кирешелүү болушу зарыл,-дейт шаар жетекчиси Ырахат Адиев.

 Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу