Жалал-Абад шаарындагы мектептердин мугалимдеринин арасында кышкы спартакиада болуп өттү
14-15-январ күндөрү Жалал-Абад шаарындагы мектептердин мугалимдеринин арасында кышкы спартакиада болуп өттү. Мугалимдер спорттун беш түру шахмат, стол үстүндө теннис, тогуз коргоол, сприпбол жана воллейбол боюнча күч сынашты. Жыйырма эки мектептен 22 команда катышып, финалга 4 команда чыкты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте №21 мектеп 1-орун, №10 мектеп 2-орун, №4 мектеп 3-орунду ээлешип, баалуу сыйлыктарды алышты. №21 мектептен Нурила Мамажунусова, №10 мектептен Гүлмида Төрөкулова жана №4 мектептен Аксаамай Назарбаевалар мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн ардак граммоталар жана дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыктарды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев тапшырды.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу


Leave a Reply