Баткен коогалаңы эгемендүүлүгүбүзгө олуттуу сыноо болгон
1999-жылы Баткенде бандиттик түзүлүштөрдүн куралчан тобу мамлекеттик чек арабыздан өтүп келип, өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурган. Мындан он беш жыл мурун болгон ал окуя “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды.
Баткендин Зардалы айылында 1999-жылдын 30-июлунда жыйырмага жакын куралдуу адамдар пайда болушат. Кыргызстандын аймагына кирген куралчан топтор Өзбекстан ислам кыймылына таандык экендиги жана анын жетекчилери Тахир Юлдашев менен Жума Намангани туурасында маалыматтар ачыкка чыккан. Баткенге кирген куралчандарды Абдували Абдулазиз жетектеп, ал өлтүрүлгөндөн кийин амирликти Юсуф Абдурахманов деген моджахед өткөрүп алган. Согушчандар биздин чек ара аркылуу Өзбекстанга өтүүгө коридор берүүнү талап кылышкан. Бирок, Кыргызстандын бийлиги алар менен жашыруун сүйлөшүүгө барган эмес. 15-августта Өзбекстандын аскер аба күчтөрү можахеддердин жайгашкан базаларына сокку урам деп, Чоң-Алайдын Тажикстан менен чектешкен Кара-Тейит айылын бомбалаган. Анын натыйжасында айылда адам курмандыктары жана оор материалдык зыян келтирилгендиги катталган. Бийлик менен моджахеддердин ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегенден кийин алар Баткендин Зардалы, Кожо-Ашкан жана Кан айылдарын өз көзөмөлүнө алуу аракетин кылышат. Кыргызстанда жарым-жартылай аскерге чакыруу башталып, Баткенге эки миң адамдан ашуун Куралдуу Күчтөр түшүрүлгөн. Согушчандар он сегизинчи августтагы биргелешкен операциянын натыйжасында артка сүрүлүп, өкмөттүк аскерлер Баткен менен Чоң-Алайдагы куралдуу топторду толук тазалаган. Бирок 22-августта Тажикстандын аймагынан кайрадан кирип келишкен куралдуу топтор Алтын-Жайлоо аймагынан жапониялык геологдорду жана ички аскерлердин генералы Шамкеевди туткундашкан. Барымтадагыларды бошотуу аракеттери оң натыйжа бербей, моджахеддер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кагылышуулар улана берген. Эң оор салгылаштар Айдаркен шаарчасынын үстү жагындагы жана Кадамжайдын этегиндеги Сырт жана Газ аймактарында орун алган. Капыстан болгон кол салуудан сыртта жыйырмага жакын аскер окко учкан. Күзгө таяп, күн сууктап, аба-ырайынын бузулушу менен Баткендеги жана Чоң-Алайдагы ашуунун жабылышынан чочулашкан согушчандар артты көздөй чегине башташат. Бирок мындай жагдай Кыргызстандын бийлигин согушчандар менен сүйлөшүүлөрдү эл аралык деңгээлде жүргүзүүгө мажбурлаган. Сауд Арабстанда, Пакистанда, Ооганстанда жана Тажикстанда моджахеддердин башчыларына таасир эте ала турган адамдар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында барымтадагылар бошотулган. Бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулуна жана диний аалым Садыкжан Камаловго тапшырылган. Куралдуу кагылыштарда Кыргызстан жетимиштен ашуун аскеринен ажырап, жүздөгөн жоокерлер жараат алышкан.
Мына ошол, куралчан топтордун күтүүсүз соккусу Куралдуу Күчтөрдүн жана калктын мамлекеттин эгемендигин жана мамлекеттик коопсуздугун коргоо жөндөмдүүлүгүнүн, өлкөнүн аскердик-экономикалык потенциалынын мүмкүнчүлүктөрүнүн олуттуу сыноосу болуп калды.
Максат Исабеков

Leave a Reply