каныбек

Бүгүн, 23-декабрда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Улуттук спорттун түрлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Канатбек Исаев (Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты).

Комитет жыйынына мыйзам долбоорун демилгечилердин бири К.Иманалиев алып чыкты. Сунуш кылынган долбоордо улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына милдеттүү түрдө киргизүү ченемдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.

Демилгечи К.Иманалиевдин айтымында, азыркы муун ата-бабаларга караганда улуттук оюндарды азыраак билет, бизден кийинки муун бизден да аз маалымдар болуп калат. Ошондуктан, улуттук спортко мамлекет камкордук көрбөсө, жоголуп кетүү коркунучу бар. “Улуттук философия, улуттук тарых, улуттук медицина, жана башкалар сыяктуу эле улуттук спорт оюндары да улуттук идеологиянын бир бөлүгү”,- дейт демилгечи.

Талкууда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоого алышты. Билим берүү, илим министри Элвира Сариева мыйзам аткарылышы үчүн долбоордо милдеттүү деген сөздү факултативдүү деп киргизүүнү сунуштады. Буга демилгечи да макулдугун берди.

Мыйзам долбоорунун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.